Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:30

ГРУЗИЯДАГЫ “ЖИБЕК ЫҢКЫЛАБЫ” КОҢШУЛАРДЫ КООПТОНДУРДУ


Грузияда кезексиз президенттик шайлоо өнөктүгү башталды. Мамлекет башчысынын мандатына талапкерлерди каттоо, мыйзам шартына ылайык,бейшемби күнү аяктайт. Ал эми Грузиянын алыс-жуук коңшулары болсо Тбилисидеги “жибек ыңкылабын”, анын региондогу, жалпы эле постсоветтик аймактагы таасир-таалимин активдүү талкуулап жатышат.

Тбилисидеги “кансыз ыңкылапты” өз көзү менен көрүп, күбө болгон лондондук эксперт Том де Вуулдун ишениминде, Грузиянын өнөгөсү коңшулаш өлкөлөрдөгү оппозициялык күчтөргө дем бериши мүмкүн. Ошентсе да британдык эксперт акыркы апталардагы окуяларда көз карандысыз маалымат каражаттары маанилүү роль ойноду деп эсептейт. Грузиядагы бийлик алмашуу процессинин жайчылык менен аякташына маалымат каражаттары чоң огожо болду, деп айтты Вуул “Азаттыктын” кабарчысына. Мындан эки-үч жылдай илгери Шеварднадзе оппозициялык коалициянын Рустави II телеканалын жапканга аракет кылган эле, бирок бул план ордунан чыккан эмес. Аталган телеканал акыркы окуяларды бүт өлкөгө илгиртпей көрсөтүп турду, мунун өзү Шеварднадзени кеңири колдоодон ажыратканга шарт түздү, деп эсептейт британдык эксперт.

Азербайжандагы президенттик шайлоодо оппозициянын мындай коросон каражаты болгон эмес эле. Элдик фронт партиясынын өкүлү Али Каримов коңшулаш өлкөдө демократия принциптүү маанидеги жеңишке жетишкенин белгилеп, Грузиядагы окуялар Азербайжанда да бул чөйрөдөгү процесстерге шыкак берерине үмүт билдирди. Ал эми Армениядагы оппозициялык лидерлердин бири Степан Демирчян Грузиядагы окуяларды элдин жеңиши деп баалады. Демирчян жакынкы келечекте армяндар да ушундай жеңишке жетишерине бекем ишенет.

Тбилисидеги “жибек ыңкылабын” Грузиянын козголоңчул үч автономиясы караманча кабыл алышкан жок. Абхазия аскерлерин толук шайма-шай абалга келтирди,Ажария чек арасын жапты, Түштүк Осетия болсо Россиянын составындагы түндүк осетиндер менен биригүү жөнүндөгү ниетин кайрадан бышыктады. Автономисттердин лидерлери Москвада өзүнчө жолугуп, мындан аркы пландарын талкуулаганы жатышат. Мындан тышкары Азербайжан Грузиянын эң түштүгүн байырлап турган жарым миллионго чукул улутташтарынын, Ереван болсо ошол эле аймактардагы армяндардын тагдырына тынчсыздана баштады.

Грузиядагы окуялар жалпы КМШ өлкөлөрүнүн бийлик өкүлдөрүн да бейпайга салды. Киевде кызматташтыктын тышкы иштер министрлери чукул жыйынга чогулуп, атайын билдирүү кабыл алышты. КМШнын аткаруу комитетинин төрагасы Юрий Яров кызматташтыкка кирген өлкөлөр Грузиянын тагдырына кайдыгер карай албасын айтып, жаңы бийликтер коомдогу бардык акыл-эстүү күчтөр менен бирдикте саясий процессти конституциялык оролго саларына, стабилдүүлүктү сактап каларына ишенич билдирди. Министрлердин жыйынан бир күн мурда украин президенти Леонид Кучма КМШнын мамлекет башчылар кеңешинин азыркы төрагасы иретинде атайын билдирүү жасап, грузин оппозициясынын аракеттерин “бардык демократиялык өлкөлөр үчүн таптакыр кабыл алгылыксыз иш” деп атаган эле.

XS
SM
MD
LG