Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:55

«Айтыш коому» төкмө акындарды колдоодо


БИШКЕК. Бүгүн республикалык «Айтыш кому» фондусунун өкүлдөрү «Кабар» агенттигинде маалымат жыйынын өткөрүп, анда дүйнөдөгү көөнөрбөс өнөрлөрдүн катарына кирген төкмө акындыкты өркүндөтүү боюнча сөз курушту. Фонддун төрагасы Садык Шернияздын айтымында, 2004-жылы да акындардын он күндүк айтыштары улантылып, аймактык гастролдор өтөт. Мындан тышкары, манасчылар да колдоого алынат. 2004-жылы 29-30-август күндөрү акындардын эл аралык чоң айтышын өткөрүү, Тууганбай Абдиевдин, Амантай Кутманалиевдин китептерин чыгаруу жана Интернетте акындардын өз баракчаларын ачуу болжолдонууда. Андан тышкары өкмөткө төкмө акындарга «Кыргыз эл артисти» деген наам эмес, «Кыргыз эл ырчысы» деген наам ыйгаруу тууралуу сунуш киргизилет.

XS
SM
MD
LG