Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:31

Кыргызстан эл аралык уюмдун грантын алды


БИШКЕК. Маалымат коому боюнча Швейцариянын Женева шаарында өткөн дүйнөлүк саммит маалында Кыргызстандын өкмөтү менен Маалымат байланышы боюнча эларалык уюмдун ортосунда макулдашууга кол коюлду. Ага ылайык аталган эларалык уюм Кыргызстандын «Электрондук өкмөт» долбоорун ишке ашырууга 300 миң долларлык грант берет. Бул тууралуу бүгүн президенттин басма сөз катчысы Абдил Сегизбаев билдирди. Анын маалыматына караганда, саммит учурунда президент Аскар Акаев маалымат технологиясын өнүктүрүү үчүн өнүгүп келаткан өлкөлөргө жардам берүүчү информациялык борборду Кыргызстанда түзүүнү сунуш кылды. Сунуш саммиттин катышуучулары тарабынан колдоого алынып, жыйындын резолюциясына киргизилди. Эми анын негизинде БУУнун өнүктүрүү программасынын атайын долбоору иштелип чыгышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG