Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:46

Чечен жикчилер тобу кармалган жок


Россиянын расмий өкүлдөрү кечээ Дагестанда тогуз чек арачыны өлтүрүп, бир нече кишини барымтага кармап кеткен чечен сепаратисттеринин дайнын таппай калышканын маалымдашты.
Буга чейин Дагестандын милициясы согушчан топтун басымдуу бөлүгү Галати кыштагында колго түшүрүлгөнүн кабарлаган эле. Бирок кийинчирээк жумурияттын ички иштер министр орун басары Магомед Газимагомедов террористтер барымтага алынган 11 кишини таштап, айылдан чыгып кетишкенин ырастады.
Интерфакс маалымат агенттиги согушчандар түн ичинде качып кетишкен болушу керек деп кабарлады.
Кечээ чечен согушкерлеринин тобу 9 чек арачыны өлтүрүп, 4 кишини барымтага алгандан кийин, аскерлер менен коопсуздук күчтөрү аймакты курчоого алышкан эле.

XS
SM
MD
LG