Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:29

Президент Аскар Акаев ырасмий сапар менен Казакстанда


БИШКЕК. Президент Аскар Акаев бүгүн ырасмий сапар менен Казакстанга барды. Ушул эле күнү ал казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жолугушту. Анын жүрүшүндө Казакстандын мамлекет башчысы аймактык коопсуздук жана экономикалык жакындашуу боюнча кызматташтыкта Кыргызстан Астананын ишенимдүү өнөктөшү экенин белгиледи. Бул тууралуу маалымат бүгүн Казакстандын президентинин маалымат кызматынан алынды. Ырасмий сапардын алкагында Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда «Биримдик келишимине» жана өкмөттөр аралык беш документке кол коюлду. Аскар Акаевдин сапарынын ырасмий бөлүгү ушуну менен бүгүн аяктады. Эртең делегация маданий иш-чараларга катышат.

XS
SM
MD
LG