Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:49

Кытайдагы кырсыктын кесепетин жоюу боюнча аракет көрүлүүдө


Синьхуа маалымат агенттигинин билдиргенине караганда, азыр 3 күн мурда 200дөй кишинин өмүрүн алган кырсыктын кесепетин жоюу иштери жүрүп жатат. 23-декабрда Чунцин шаарынын жанында жер алдындагы газ кууру жарылып кеткен. Кырсыктан тирүү калгандарды издөө иштери жүрүп жатат. Мындан тышкары, куткаруучулар газды башка аймактарга таратпагандын аракетин көрүшүүдө. Расмий маалыматтарга караганда, кеминде 191 адам каза таап, дээрлик 300 киши ооруканаларга жаткырылган. Кытайдын жетекчилиги кырсык болгон жерден миңдеген адамдарды башка коопсуз жерге көчүрүүгө буйрук берди.

XS
SM
MD
LG