Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:29

Ирактык эрегишчилер чабуулун күчөтүүдө


Ирактагы АКШлык күчтөр жетектеген көп улуттуу аскерлер ишемби күнү түштүктөгү Кербала шаарында болгон чабуулдарга байланыштуу шектүү беш адамды кармап, суракка алууда.
Бул тууралуу польшалыктар башындагы эл аралык дивизиянын курамында кызмат өтөгөн мажарстандык офицер Децо Кисс бүгүн маалымдады.
Ишемби күнү Кербалада бир мезгилде эки аскерий базага жана жергиликтүү өкмөттүн кеңсесине чабуул жасалганда, 19 адам өлүп, көптөгөн адамдар жараат алышкан.
Өлгөндөрдүн ичинде болгариялык беш жоокер, Тайланддан 2 жана ирактык 12 жоокер бар.
Кечээ күнү Багдаддын Каррада районунда бомба жарылып, америкалык бир жоокер жана ирактык эки бала мерт болду. Дагы беш АКШлык жоокер жана тогуз ирактык жараат алды.
Фаллужа шаарынында болсо америкалык бир жоокер минага кабылып өлдү, үчөө жарадар болду.

XS
SM
MD
LG