Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:02

Коомчулуктун өкүлдөрү Николай Танаевди сынга алды


БИШКЕК. 30-декабрда «Атуулдук коом коррупцияга каршы» өкмөттүк эмес уюму «Мамлекеттик кызматкердин этикасы» деген темада талкуу уюштурду. Ага «Асаба», «Арнамыс», «Менин өлкөм» партияларынын жана бир катар өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, президенттин алдындагы Адилет башкаруу боюнча кеңештин катчылыгынын жетекчиси катышты. Коомчулуктун өкүлдөрү премьер-министр Николай Танаевдин «Кыргызстандын улуттук электртармагы» акционердик коомунан 102 миң АКШ долларын насыя алганын кескин сынга алышып, бул адилет башкаруу боюнча бийлик жүргүзүп жаткан саясаттын беделине сокку урганын белгилешти. Алар, эгерде 20-январга чейин Николай Танаев кирешелерин жарыя кылбаса, көп адамдардын катышуусу менен нааразылык митингин өткөрүшөрүн билдиришти.

XS
SM
MD
LG