Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:37

Грузияда өткөрүлө турган президенттик шайлоолордун алдында шайлоочуларды каттоо жүрүп жатат


Грузияда жекшембиде өткөрүлө турган президенттик шайлоолордун алдында шайлоочуларды каттоо жүрүп жатат. Азырынча өлкөдө 1 миллион 740 миң шайлоочу катталды. Каттала электери документтерин көрсөтүп шайлоого катыша алышат. Грузиядагы президенттик шайлоого Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) 450дөй байкоочусу көз салат. Дагы 90го жакын байкоочу КМШ өлкөлөрүнөн келишет. Президенттикке башкы талапкер катары Михаил Саакашвилинин аты аталууда. Ал ноябрда мурдагы президент Эдуард Шеварднадзенин кызматтан кетишине түрткү болгон оппозициялык кыймылдын башында турган. Өз бетинче болуп кеткен Ажариянын президенти Аслан Абашидзе шайлоого катышпайт. Бирок ал шайлоочулардан добуш берүүнү өтүнгөн.

XS
SM
MD
LG