Алардын баары өздөрүнүн кесипкерлик милдетин аткарып жатып ушундай кайгылуу ыкыбалга туш болушту. Мындай көрсөткүч 1995-жылдан бери каттала элек болчу. “Чек арасыз репортерлор” уюму мындан тышкары былтыр 750 журналист камалганын, бул жагынан Белоруссияда, Кубада,Иранда,Пакистанда,Россияда,Түркмөнстанда, Украинада,Өзбекстанда жана башка бир катар өлкөлөрдө жагдай өтө начар экендигин белгилеген.