Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:33

АКЫЙКАТЧЫ ПАРАКОРЛУККА КАРШЫ КҮРӨШТҮН ЖОЛУН СУНУШТАДЫ


Бакыт Аманбаев, Бишкек Бүгүн Бишкекте акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу маалымат жыйынын өткөрдү. Акыйкатчы жогорку окуу жайларында паракорлук өсүп жаткандыгын белгилеп, аны жоюш үчүн республикадагы окуу жайлардын санын кыскартып, ректорлордун студенттер тарабынан шайланышын сунуштады. Ошондой эле Турсунбай Бакир уулу Акыйкатчы институту каражаттын жетишсиздигинен өз ишин толук кандуу жүргүзө албай жаткандыгын маалымдады.

Жакынкы күндөрдө Акыйкатчы институтунда жогорку окуу жайларындагы паракорлукту азайтуу максатында «ишеним телефону» уюштурулат. Турсунбай Бакир уулунун айтымында, ал аркылуу билим алууда укугу бузулган студенттер Акыйкатчы институту менен «түз байланышка» чыга алышат. Эгерде, келечекте да бул багытта олуттуу мыйзам бузуу фактылар катталса, Кыргызстандагы айрым жогорку окуу жайларында экзамен, зачет тапшыруу мезгилинде курамына акыйкатчынын кызматкерлери кирген атайын комиссия түзүлөт. Турсунбай Бакир уулунун белгилегенине караганда, Ош, Нарын университеттеринде жана айрым жогорку окуу жайлардын облустардагы филиалдарында паракорлук өзгөчө күчөгөн.

- Көпчүлүк окуу жайлардын филиалдарында жогорку илимий даражасы жок окутуучулар иштешет, - дейт Турсунбай Бакир уулу, - Мындай филиалдар пара алып, акча табуу максатында гана ачылып жатат. Бул - өз мезгилинде паракорлуктун күчөшүнө алып келүүдө. Ошондуктан, студенттерге жеткиликтүү билим бере албаган окуу жайларды жабуу зарыл.

Турсунбай Бакир уулу «жогорку окуу жайларындагы паракорлукту азайтыш үчүн ректорлорду шайлоого студенттерди катыштыруу керек» дейт:

- Жогорку окуу жайлар жөнүндө мыйзамда «ректорлорду студенттер шайлайт» деп жазылган. Аны Билим берүү министрлиги «ректорлорду мугалимдер жана окуу жайдагы ар бир бөлүмдүн өкүлдөрү шайлайт» деп өзгөртүп койду. Ошондуктан ошол мыйзамдын иштөөсүнө жетишиш керек.

Акыйкатчынын мындай пикиринен кийин биз айрым жогорку окуу жайларынын жетекчилерине кайрылдык. Алар өз окуу жайларында паракорлук жана студенттердин укугун бузуу боюнча фактылардын катталбагандыгын билдиришти.

Турсунбай Бакир уулу бүгүнкү өткөргөн маалымат жыйынында Акыйкатчы институтунда «түз байланыш кызматы» уюштурула тургандыгын билдирди. Максаты - моралдык-психологиялык басынуунун натыйжасында өз жанын кыйган атуулдарга жардам берүү жана күтүүсүздөн боюна бүтүп, төрөгөн ымыркайын көрүнгөн жерге таштоого мажбур болгон кыз-келиндерге жардам берүү:

- Көпчүлүк учурда айрым ата-энелер бала багып алууну каалашат. Ошондуктан, биз жогорудагыдай кыз-келиндер менен байланышып, алардын балдарын каалоочуларга берүүгө жардам беребиз. Бул купуя жасалат. Кыз-келиндердин ким экендигин биз эч кимге айтпайбыз.

Ошондой эле Турсунбай Бакир уулу Акыйкатчы институтуна өлкө казынасынан жетишээрлик акча бөлүнбөгөндүктөн, ал өз ишмердүүлүгүн эркин жүргүзө албай, аткаруу бийлигине көз каранды болуп жаткандыгын маалымдады.

XS
SM
MD
LG