Бүгүн АКШнын “Делта эйрлайнз” компаниясынын учагы Германиядан Америкага бараткан жеринен Ирландияга конууга мажбур болду. Аэропорттун расмий өкүлдөрү “Франкфурт-Атланта” каттамындагы “Боинг-767” учкуч “учактагы дааратканада бомба болушу мүмкүн” деген маалымат алгандан кийин шашылыш конгонун билдирди. Борттогу 147 жүргүнчү окуяга байланыштуу полицияга сурак бермек болду. Аэропорттун четине алып барылган учак болсо кылдат текшерүүдөн өткөрүлөт.
Германиядан Америкага бараткан учак террор коркунучунан улам шашылыш түрдө Ирландияга конду