Бириккен Улуттардын өнүгүү программасы жана атактуу миллиардер Жорж Сорос кечээ күнү Давостогу экономикалык форумда Грузияга эки миллион доллар жардам көрсөтө турганы жөнүндө жарыялашты. Давоско келген жаңы президент Михаил Саакашвили - ал акча коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү үчүн жумшалат деп билдирди. Соростун айтымында, Саакашвили Грузиядагы коррупцияга чек коёт деп ал ишенет.