Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:11

Президент Аскар Акаев Польшага ырасмий сапар менен барышы күтүлүүдө


БИШКЕК. Президент Аскар Акаев 15-17-февралда ырасмий сапар менен Польшада болот. Сапар учурунда мамлекет башчы Польша президенти Александр Квасьневский менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин Батыш өлкөлөрү боюнча башкармалыгынын жетекчиси Болот Отунбаев билдирди. Анын айтымында, кыргыз президентинин сапары жооп сапар катары эсептелип атат. Белгилүү болгондой, Польшанын президенти 2002-жылы Кыргызстанда ырасмий сапар менен болуп кайткан.

XS
SM
MD
LG