Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:56

Чечен эрегишчилеринин чабарманы Берлинге ырасмий сапарга келди


Чечен адаватчыларынын элчиси Ахмед Закаев бейшемби күнү Берлинде немец парламентинин мүчөлөрү менен жолугушуп, Чеченстандагы кырдаал боюнча пикир алмашат.
Закаев бул күнү эртең менен “Азаттык” радиосуна телефон аркылуу буларды билдирди:
- Чеченстандагы жагдай дүйнөдөгү саясый кырдаалга таасир этээри күмөнсүз. Россия “биздин ички ишибиз” деп көшөргөнү менен, Чеченстан эбак эле Россиянын ички иши болбой калган. Албетте, Россия жана Чеченстан Европанын бир бөлүгү болушкандыктан, арийне, Чеченстандагы кырдаал дүйнө адамдарын кайдыгер калтырбайт.
Россияда террорчу деп айыпталган Ахмед Закаевге Британия өкмөтү саясый баш паана берген. Ал Берлинде Германия-Кавказ коомунун чакыруусу менен жүрөт.

XS
SM
MD
LG