Республикалык партиянын өкүлү, сенатор Арлен Спектер сапардын максаты – эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди жакшыртуу экенин белгилеп, вашингтондук делегациянын курамына Ак үйдүн өкүлдөрү да кирип калышы мүмкүн деп маалымдады. Конгресстин мүчөлөрүнүн Тегеранга жасалчу визити, сенатордун айтымында, Ирандын Бириккен улуттар уюмундагы элчиси жана АКШ жетекчилиги менен макулдашылды.