Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:01

Иранда парламенттин 100дөн ашык мүчөсү иштен чегинди


Аларды бул кадамга Көзөмөл кеңешинин миңдеген реформачы-талапкерлерди парламенттик шайлоодон четтетиши түрттү.
Парламенттин төрагасы Мехни Карруби буларды билдирди:
- 109 депутат иштен кетүү арызын өз-өзүнчө тапшырышканын жарыялайбыз. Жана буга терең өкүнүч билдиребиз. Бул - бүткүл улут үчүн да, бийликтер үчүн да өкүнүчтүү окуя болуп калды.
Спикер Көзөмөл кеңешин сынга алып, "Иранда парламентти эки баскычта, алгач кеңеш тарабынан, кийин эл тарабынан шайлоо мүмкүн эмес" деди. Бирок Көзөмөл кеңешинин мүчөсү Ахмад Азимзаде "депутаттардын отставкасы Кеңеш туура иш кылганын көрсөттү" деп билдирди. Шайлоодон четтетилгендердин арасында азыркы парламенттин 80 чакты мүчөсү да бар.

XS
SM
MD
LG