Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:13

Аймактын коопсуздугуна арналган жыйын өтүүдө


БИШКЕК. Бүгүн Ташкенде «Борбор Азия аймагынын коопсуздугу» деп аталган эларалык конференция өз ишин баштады. Үч күнгө созула турган жыйында эларалык террорчулукка, аймактагы экстремизмге, баңгизаттарды мыйзамсыз ташуу маселелери талкууланат. Конференция коопсуздук маселелерин иликтөө боюнча Маршал борбору менен өзбек президенттинин алдындагы эларалык стратегиялык институту тарабынан уюштурулду. Жыйынга Кыргызстандын Тышкы иштер, Коргоо министрликтеринин жана президенттин алдындагы стратегиялык изилдөө институтунун өкүлдөрү катышууда. Мындай маалыматты Тышкы иштер минстрлигинин басма сөз кызматы таратты.

XS
SM
MD
LG