Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:54

АКШда ИРАК СОГУШУ БОЮНЧА КОМИССИЯ ТҮЗҮЛҮҮДӨ


Нарын АЙЫП, Прага АКШ президенти Жорж Буш 2-февралда - Ирак согушу боюнча атайын комиссия түзүүгө макул болду. Ал комиссия Багдадга каршы былтыр согуш башталаар алдында америкалык чалгындоо кызматтар эмнеден жаңылганын иликтөөгө тийиш. Бирок оппозициядагы Демократиялык партиянын өкүлдөрүнүн айтымында, андай комиссияны президент түзсө, ал көз карандысыз иликтөө жүргүзө албайт.

Иракка каршы согушту Америка Кошмо Штаттары анын кеңири кыруучу куралын жок кылуу максатында баштаган. АКШнын чалгындоо кызматтарынын айтымында, Багдад топтогон курал Америка Кошмо Штаттарынын коопсуздугуна тикелей коркунуч түзгөн. Британиянын чалгындоо кызматынын айтымында болсо, андай куралды Ирак 45 мүнөттүн ичинде колдонууга кудуреттүү болчу.

Бирок согуш учурунда дагы, согуш аяктагандан кийин өткөн тогуз айдын ичинде дагы Иракта андай куралдын изи да табылган жок жана бул маселе боюнча түзүлгөн атайын иликтөө тобунун башчысы Дэйвид Кей 23-январда кызматынан чегинип, кийин кеңири кыргын салуучу курал Иракта бар деп биз башынан тартып жаңылган экенбиз деп билдирди. Кейдин жарыясынан кийин оппозициядагы Демократиялык партиянын жетекчилери бул маселе атайын иликтөөгө муктаж деп айта баштаган жана аларга акыркы күндөрдө Республикалык партиянын кээ бир мүчө-сенаторлору кошулгандан кийин, президент Жорж Буш ага 2-февралда макул болду: "Мен көз карандысыз комиссия түзүп жатам, ал комиссия биздин азыркы абалды жана терррорго каршы согуш жүргүзүүдө биз эмнени жакшырта аларыбызды иликтеп чыгууга тийиш".

Бирок согуш баштаар алдында АКШ жалпы террорчулук жөнүндө эмес, негизинен Ирактын кеңири кыруучу куралын жок кылуу жөнүндө гана сүйлөгөн. Кийин Ирактын өзүндө террор башталып, кошуна Иранда "ал-Каиданын" мүчөлөрү кармалганда гана Вашингтон: “көрдүңөрбү, Ирактын мурдагы жетекчилиги кандай болгон, мындай диктаторду сөзсүз кызматтан кулатуу керек болчу”, - деп айта баштаган. Бирок дүйнөдө бир топ башка да диктаторлор бар жана АКШ алар менен мамиле түзүп эле жүрөт.

Америкалык оппозиция президенттин жарыясын кубаттоо менен кабыл алганы менен, комиссияны президент эмес, Конгресс түзүүгө тийиш деп чыкты. Алардын айтымында, президент дайындаган комиссия мүчөлөрү көз карандысыз доклад даярдоодо көп кыйынчылыктарга такалышы мүмкүн. Конгресстин беш мүчөсү дароо Бушка кат жазып, комиссиянын көз карандысыздыгын камсыз кылууну талап кылды. Андан тышкары, алардын айтымында, комиссия чалгындоо кызматтары Ирак боюнча маалымат чогултуп жаткан учурда аларга өкмөт мүчөлөрү жана башка жетекчилер тарабанын кандай басым жасалганын дагы иликтөөгө тийиш. Катка Сенаттагы демократтардын жетекчиси Том Дашл, Эл өкүлдөр жыйынындагы демократтардын жетекчиси Нэнси Пэлоси, сенаторлор Жон Рокфеллер менен Жо Либерман жана конгрессмен Генри Воксман кол койгон.

Вашингтондогу Саясий изилдөөлөр борборунун талдоочусу Филис Беннистин пикиринде, Буш өкмөтү комиссия түзгөнү менен, анын ишин созуп, жыйынтыкты ноябрда боло турган шайлоодон кийин жарыялоого аракеттенет: "Менин оюмча, Буштун өкмөтү азыр өтө оор абалда. Иликтөө уюштуруу менен алар маселени шайлоо өнөктүгүнөн чыгарып салууну көздөөдө. Комиссияны алар көз карандысыз деп жарыялап, маселени Республикалык жана Демократиялык партиялар ортосундагы таймаштан жогору коюмуш болуп, аны саясий эмес нукка бурууда. Бирок Иракта күн сайын төрт-беш америкалык аскер өлүп жатканда, маселе сөзсүз саясий жана шайлоо өнөктүгүнө сөзсүз тийешеси бар".

Буштун жардамчыларынын айтымында, тогуз адамдан турган комиссия бир жылга жакын убакыт иштейт.

XS
SM
MD
LG