Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:03

Баңгизаттарга каршы күрөш боюнча мыйзам кийинкиге жылдырылды


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны «Баңгизаттарды көзөмөлдөөчү орган жөнүндөгү» мыйзам долбоору боюнча 29-январда баштаган талкууну убактылуу токтотту. Анткени, депутаттардын көпчүлүгү “долбоорду кайра карап чыгуу зарыл” деген бүтүмгө келишти. Мыйзам долбоору кыргыз өкмөтү тарабынан баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча агенттиктин ишин мыйзамдаштыруу максатында иштелип чыккан. Бирок, депутаттардын пикирлерине караганда, долбоордо карама-каршылыктар арбын. Маселен, агенттик кайсы бийлик бутагынын карамагында болоору, баңгизаттарга каршы күрөшкөн башка күч структуралары менен кандай кызматташаары так жазылган эмес. Мыйзам долбоорун бир жумадан кийин парламент кайра карай турган болду. Баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттиги өткөн жайда президенттин жардыгына ылайык түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG