Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:48

Ирактык алты балбан АКШда машыгат


БАГДАД. АКШнын Ирактагы атуулдук жетекчиси Пол Бремер бүгүн бейшембиде журналисттерге Ирактын төрт жез билек балбаны Кошмо Штаттарынын Колорада шаарында машыгуудан өтөт жана ага кетүүчү чыгымды АКШ өз мойнуна алат деп билдирди. Бремердин айтымында, быйыл Афинада өтө турган жайкы олимпиадалык оюндарга Ирактын атынан бул алты балбан күрөш боюнча сыноодо өздөрүн көрсөтүүгө тийиш:
- Ирак кайрылып келди. Эми Ирактын тургундары дүйнө калган элдерине кошулат. Бул ирет Олимпиада оюндарынын катышуучусу катары элге биригет, -
Пол Бремердин айтымында, Ирактын Олимпиада оюндарына катыша башташы спорттогу эле эмес, өлкөнү калыбына келтирип, тоталитардык каардуу режимден кутулуудагы чоң кадам болуп эсептелет.

XS
SM
MD
LG