Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:45

МАМЛЕКЕТ БАШЧЫНЫН АЙТКАН СӨЗҮ МЕНЕН ЖАСАГАН ИШИ ДАЛ КЕЛЕБИ?


Бакыт Аманбаев, Бишкек 14-февралда Бишкекте «Дыйкандар партиясынын» үчүнчү курултайы өткөрүлүп, бул партиянын аталышы «Жергиликтүү жамааттар, дыйкандар партиясы» деп өзгөртүлдү. Жыйында сөз сүйлөгөн Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу регионалдык өнүктүрүү министри Төлөбек Өмүралиев, партия түзөөрдөн алдын президент Аскар Акаев менен кеңешкендигин жана мамлекет башчы «оппозициячыл саясатчылардан озунуп, дыйкандар менен иш жүргүзгүлө» деп айткандыгын маалымдады.

«Жергиликтүү жамааттар, дыйкандар» партиясынын төрагасы Эсенгул Исаковдун маалыматына караганда, курултайга өлкөнүн бардык аймактарынан 200 делегат чакырылып, жыйынга алардын дээрлик бардыгы келип катышты. Курултайда Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министри Александр Костюк, Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу регионалдык өнүктүрүү министри Төлөбек Өмүралиев жана башкалар сөз сүйлөштү. Төлөбек Өмүралиев мындай партия түзүүнүн башкы максаты жергиликтүү жамааттар менен дыйкандардын башын бириктирип, өлкөдө жүргүзүлүп жаткан агрардык реформаны колдоо экендигин белгиледи. Ал партияны түзөөрдөн алдын президент Аскар Акаев менен кеңешкендигин, мамлекет башчы ага оппоциячыл маанайдагы саясатчылардан мурдараак жер-жерлерде дыйкандар менен иш жүргүзүүнү тапшыргандыгын маалымдаганда, жыйындын катышуучулары дүркүрөтө кол чаап жиберишти:

- Ушул партияны түзүш үчүн мен Аскар Акаев менен сүйлөшүп, макулдаштым. Ал киши бул демилгени жан дили менен колдоп «эмне карап отурасыңар, тетиги жактагылар бара электе, дыйкандар менен иш алып баргыла, деди.

Ошондой эле Төлөбек Өмүралиев курултайды өткөрөр алдында мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов, президенттик админстрация башчысынын биринчи орун басары Болот Жанузаков менен жолугушкандыгын жана алар мындай демилгени кош колдоп кубаттагандыгын да айта кетти:

- Кечээ биз министр Александар Костюк экөөбүз жетелешип кирип, Осмонакун Ибраимов, Болот Жанузаков менен сүйлөштүк. Алар мындай демилгени кош колдоп, колдошту. Демек, өөдө жак макулдугун берди. Ошондуктан, биргелешип иш алып баралы.

Андан аркы сөзүндө Т.Өмүралиев партиянын башкы максаттарынынын бири катары үстүбүздөгү жылдын күзүндө айылдык, шаардык кеңештерге болуучу шайлоолордо жеңишке жетишүү экендигин кошумчалай кетти:

- Бардык айылдык, шаардык кеңештерде биздин партиянын мүчөлөрүнүн жеңишке ээ болуусуна жетишүү керек , - деди ал.

Ал эми Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министри Александр Костюк да партиянын башкы максаттарынын бири «келээрки жылы боло турган парламенттик шайлоодо жеңишке жетишүү» деп маалымдады:

- Бүгүнкү күнү Мыйзам чыгаруу жыйында айыл чарба адистери жок. Келээрки жылкы шайлоодо жаңы парламентти шайлайбыз. Ошондуктан, келечекте биздин кызыкчылыгыбызды коргой турган адамдардын бийликке келишин колдоого толук мүмкүнчүлүгүбүз бар.

Мамлекет башчысы мындан бир нече күн илгери Кыргызстандын бардык дубандарын кыдырган учурда 2005-жылдагы парламенттик, президенттик шайлоолорго даярдык көрүүгө тыюу салуу демилгесин көтөргөн. Ал эми жогорудагы аткаруу бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, мамлекет башчы өз мезгилинде бийликти колдогон саясий партиялардын шайлоого эмитен даярдык көрүүсүнө каршы эмес.

Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынын депутаты Ишенбай Кадырбеков Аскар Акаев баштаган аткаруу бийлиги башынан эле элдин башын айландырган кош стандарт саясатын жүргүзүүдө деген пикирде:

- Жергиликтүү жамааттын партияга кошулуп кеткени коркунучтуу нерсе. Анткени, жергиликтүү жамаат - бул кадимкидей эле аткаруу бийлигинин бир түрү. Аткаруу бийлигиндеги адамдар эч убакта саясатка кийлигишпеши керек. Ошондуктан, Александар Костюктун жыйынга келип, шайлоо жөнүндө сөз сүйлөшү туура эмес. Дегеле, биз кош стандарт саясатка көнүп калбадыкпы. «Демократия» деп коюп, демократияны тебелеп жатышат. Аткаруу бийлик башындагылардын айткан сөзү менен жасаган иши башка болуп жатат. Мындан сырткары Төлөбек Өмүралиевдин «мен президент жана башка жогорку бийлик өкүлдөрү менен сүйлөштүм, алар дагы бул демилгени колдошту, катуу иштешибиз керек» дегени таптакыр туура эмес. Бул азыркы бийликтин чыныгы жүзүн коомчулукка дагы бир жолу ачып отурат. Бирок, мен бир нерсеге ишенем, элди алдай албайсың. Бүгүн алдайсың, эртең алдайсың, акыры барып чындык чыгат. Мен ага ишенем, - деди парламенттин депутаты И.Кадырбеков.

XS
SM
MD
LG