16-февралда Пхеньяндагы Борбордук аянтта Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ирдин туулган күнүнө байланыштуу миңдеген адамдар катышкан чоң салтанат өттү. Туулган күнү жалпы элдик майрам катары чоң салтанат менен белгиленип жаткан Ким Чен Ир 1942-жылы 16-февралда Пэкту аймагында, Түндүк Кореянын Орусиянын Владивосток шаарына жакын жерде туулган. Анын атасы Ким Ир Сен жана апасы Ким Чен Сук жапондор менен согушта корей партизандарынын катарында күрөшүшкөн. Ошондон улам Ким Чен Ирдин балалыгы да курал-жарак менен, партизандык согуш менен тыгыз байланышта өткөн. Кийин Ким Ир Сен баласын Кореянын элдик армиясын башкарууга дайындайт, ошондон тартып Ким Чен Ир тоталитардык системага негизделген мамлекетти башкарууга камдана баштайт. 1994-жылы болсо Ким Ир Сен дүйнөдөн өтөт. Ошондон бери атасынан калган бийликти энчилеп, Ким Чен Ир Түндүк Кореяны бийлеп келатат.
Эларалык талдоочулар “канчалык жергиликтүү басылмалар Ким Чен Ирди Айга, Күнгө теңеп мактабасын, Түндүк Кореянын элинин үчтөн бири ачкачылыктын чегинде өлбөстүн суусун ичип, чай-нанга зар болгон турмушта күн өткөрүп келатканын айтышат. Айрым эсептер боюнча, Ким Чен Ир өлкөнү бийлей баштагандан бери Түндүк Кореянын элинин 10% ачкачылыктан кырылды. Мунун олуттуу бир себеби - Түндүк Кореянын көп жылдар бою дүйнө коомчулугунан бөлүнүүдө калгандыгы.
Ушул тапта Түндүк Корея өзөктүк куралдарды жасоого далалаттанып жаткан мамлекеттердин бири катары бааланат. “Кеңири кыргын салуучу курал баарыдан мурда Ким Чен Ирдин бийлигин сактоого керек болууда” дешет талдоочулар. Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш Ирактагы согуш башталаардан мурда Түндүк Кореяны Ирак менен Ирандын катарында “балакеттин үчилтигинин бир бөлүгү” деп баалаган болчу. 25-февралда Түндүк Кореянын өзөктүк куралдарына арналган сүйлөшүүлөр алты мамлекеттин - АКШ, Орусия, Кытай, Жапония, Түштүк Корея жана Түндүк Кореянын катышуусу менен өтүшү күтүлүүдө. Түндүк Кореянын бийлиги кеңири кыргын салуучу куралдарды жасоо боюнча программасынан баш тартканы үчүн Кошмо Штаттардан компенсация талап кылууда. Бул тууралуу Түндүк Корея менен Түштүк Кореянын өкүлдөрүнүн 4-февралда Сеулда өткөн жолугушуусунда Түндүк Кореянын делегациясынын жетекчиси Ким Роңг Сонг мындай билдирүү жасаган:
- Эгер Кошмо Штаттары үчүн бир эле учурда бир канча иш-аракеттерди жасоо принциби оор болсо, биз өзөктүк куралдар боюнча программабызды токтотконубуз үчүн компенсация талап кылабыз. Тоңдурганыбыз үчүн компенсация төлөшү керек.
Ошого карабай, эларалык талдоочулар Түндүк Кореянын 25-февралда сүйлөшүүгө ниет кылып жатканынын өзүнө оң баасын беришүүдө. Бирок, АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Жеймс Келлинин айтымында, Түндүк Корея мындай аракеттерин аягына чыгарууга тийиш. Ал Пхеньянга келген учурда “Ливиянын соңунан Түндүк Корея дагы дүйнөлүк коомчулукту өзөктүк куралдар боюнча программасын биротоло токтотууга киришкенине ынандарышы керек” деп айтты.
Түндүк Корея өзөктүк куралдар программасынан баш тарткан күндө да өзүнүн күчтүү армияга таянган тоталитардык саясатынан баш тартышы кыйын дешет эларалык талдоочулар. Анткени, Ким Чен Ирдин өмүрү да, анын жеке буйругуна көзкаранды, коммунисттик мамлекеттин тагдыры да бир миллиондон ашуун аскери бар армияга байланган.