Орус тилдүү калктын мындай акциясына кимдер демилгечи экени азырынча белгисиз. Улуттук коопсуздук кызматы да бул тууралуу жаңы маалымат тараткан жок. Кечээ УКМдин коомчулук менен байланыш бөлүмүн жетектеген Ойталбек Осмонов көчө боюндагы баракчалар ким тарабынан чапталганы аныктала электигин кабарлаган болчу. Кыргызстандын адам укугу жана эркиндиги боюнча орус тилдүү коомунун атынан жазылган бул кайрылууда «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзам орус тилинин баркын түшүрүп, анын колдонулушуна тоскоол болору билдирилген.
Табылган баракчалар ар кыл ойлорго түрткү берип, айрымдар аны мамлекеттин туруктуулугуна жана бүтүндүгүнө шек келтирер окуя катары баалашууда. Бирок, “орус тилдүү калк абдан туура кылат” дегендер да жок эмес. Жогорку Кеңештин депутаты Валерий Диль кесиптештери кабыл алган «Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзам чындап Конституцияга каршы келээрин айтат:
- Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам керек. Бирок мындай Башмыйзамга каршы келген, башка улуттарды дискриминациялаган мыйзамды мен колдобойм. Башмыйзамды бузганга эч кимдин укугу жок. Ошондуктан жыйын өткөрүп, мыйзамга каршы акция уюштуруп аткандарын колдойм. Туура кылышат.
В.Диль мырза Кыргызстандагы немис азчылыктар борборунун да башчысы экенин эскерте кетели. Ал эми башка улуттук азчылыктардын ою кандай болду экен? Кыргызстандагы чечендер жамаатынын өкүлү Арби Сааев тил мыйзамын колдойт. Анын бул акция тууралуу пикири мындай:
- Мен пикетке каршымын. Бул деген шовинизм жана улутчулдук... Мындай акция мамлекет ичиндеги кырдаалды гана олку- солку кылып, башаламандыкка алып келет. Мен парламент кабыл алган «Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамды колдойм.
Кыргыз коомчулугунда бул ишти чындап орус тилдүү калк жасап атканына ишенбегендер да бар. Алардын бир тобу мамлекет ичиндеги туруктуулуктун олку- солку болушуна кызыкдар тараптардын колунан келиши мүмкүн дешет. Президенттин басма сөз катчысы Абдил Сегизбаев муну саясий оюн катары баалайт:
- Кыргызстанда кыргыз тилдин дагы, орус тилдин дагы, башка тилдердин да өнүгүшүнө шарт бар. Орус тилинде окуганга, билим алганга, ал тилде китеп чыгарганга толук мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Мамлекеттик тилдин тегерегинде саясий оюн кылганга эч качан жол бербешибиз керек. Соңку кезде өлкө ичинде башаламандыкты каалаган кайсы бир саясий топтор тил маселесин пайдаланчу болду.
Бүгүн “Асаба” улуттук кайра жаралуу партиясы билдирүү таратты. Анда бул баракчалардын өзү Башмыйзамга каршы деп бааланган. Партиянын ордо кеңешинин төрагасы Дөөлөт Нусуповдун айтымында, “Асаба” партиясы мындай иштерди мамлекеттин бүтүмдүгүнө доо кетирген эки элдин ортосуна чагым салган провокациялык акция деп баалайт. Дөөлөт Нусупов мындай чагымчыл адамдарды тезинен таап, аларды мыйзам алдында жоопко тартуу керек деп эсептейт.