Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:18

МАКЕДОНИЯНЫН БАШЫНА КАЙГЫ ТҮШТҮ


Кубат Оторбаев, Прага Бүгүн Македониянын өкмөтү менен эли дүйнөнүн туш тарабынан көңүл айтуу телеграммаларын ала баштады. Бейшембиде эртең менен Македониянын президенти Борис Трайковский түшүп бараткан учак Босниянын түштүгүндөгү тоолуу аймакта кырсыкка учурап, анын кесепетинен мамлекет башчысы менен анын жанындагы жардамчылары каза табышты. Бул окуя Балкандын эле башына түшкөн кырсык эмес, жалпы Европанын кайгысы катары каралууда.

Борис Трайковскийдин учагынын калдыктары Сараеводон 80 чакырым түштүктө табылды. Босниянын ички иштер министрлигинин өкүлү Недзад Вейзагичтин маалыматына караганда, тирүү калгандар жок:

- Тилекке каршы, биз Боснияга, Мостар шаарында өтө турган эларалык инвестициялык жыйынга Македониядан делегацияны алып бараткан учак чындыгында эле кыйроого учураганын бышыктоого аргасызбыз. Куткаруучулар учактын калдыктарын табышты, тилекке каршы, учактагылардын баары каза болушуптур.

Трайковскийдин набыт болушу Балкандын эле башына түшкөн кайгы эмес, бүтүндөй Европанын кара кийиши катары бааланып жатат. Европа биримдигинин тышкы саясатын жетектеген Ховьер Солана Македонияга биринчилерден болуп көңүл айтып, “Трайковский – мыкты адам эле, эми анын ордун толтуруу мүмкүн эмес” деген кайгысын билдирди. Европа комиссиянын президенти Романо Проди болсо жалпы Европанын кабыргасы кайышып, каңырыгы түтөп турат деди:

– Трайковский ынтымакты калыбына келтирүүгө чоң күч үрөгөн Балкан чөлкөмү үчүн бүгүн - өтө кайгылуу күн. Бүгүн – Балкан эле эмес, бүтүндөй Европа кайгыда. Анткени ал өзүнүн досун жана биздин биримдиктин өзөгү болгон сабырдуулуктун тарапкеринен ажырап отурат.

Борис Трайковский 1956-жылы туулган, быйыл ал - 47 жашта болчу. Скопьедеги университетте укук факультетин бүтүргөн жана Кошмо Штаттарында билимин тереңдеткен. 1997-жылга чейин курулуш фирмасында юридикалык бөлүмдү жетектеген. Трайковскийдин чоң саясаттагы карьерасы ал 1999-жылы тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалгандан кийин башталган. Ошол эле 1999-жылы Македониянын президенти болуп шайланган. Ал бийликке келген учурда славян тилдүү македониялыктар менен бул өлкөдө саны көп албандардын ортосундагы мамиле кырды бычак болуп турган. Чыгаан саясатчы катары Трайковский эки тараптын тең тилин таап, алааматтын алдын-алып калган. Македон президентинин өзүнүн айтымында, Балканда тынчтык орнотууга Европа биримдиги менен НАТОнун кошкон салымы зор болду:

– Чыр-чатактар тынчтык жолу менен чечилип, эми гезиттерде согуш тууралуу жазылбай калганда баары тез эле унутулгандай болот. Бирок Европа биримдиги жана НАТО тарабынан жасалган ал жөнгө салуулар, Романо Проди, Хавьер Солана, Крис Паттен жана лорд Робертсондун аракеттери ар дайым эстеп жүрүүгө татыктуу. - деген эле 2003-жылы 8-апрелде Страсбургда Европа парламентинин жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Борис Трайковкий. Ал дайыма Македония Европанын алдыңкы мамлекеттеринин бирине айланып, келечекте Евробиримдикке кошулушу керек деп айтып келген:

– Биз жакынкы жылдарда Македония Республикасы Европа биримдигине мүчө болооруна кепил болушубуз керек. Мен көңүлүңүздөрдү мага жаккан бир жаңылыкка бургум келет: өлкөдө жашап жаткан баардык саясий тараптар жана улутуна, динине, саясий көз карашына карбай – баардык македониялыктар биздин мамлекеттин Евробиримдикке киришин колдоого алышууда, - деген болчу шаршембиде сүйлөгөн сөзүндө президент Борис Трайковский.

Анын артында үй-бүлөсү жана бир уул, бир кызы калды.

XS
SM
MD
LG