БИШКЕК. Эл өкүлдөр жыйынынын он тогузунчу сессиясы 24-мартта саат ондо башталат. Бул тууралуу Эл өкүлдөр жыйынынын маалымат кызматынан кабарлашты. Отурумда отузга жакын маселе каралат. Анын арасында, улуттук банк төргасынын отчетун угуу, айрым өкмөт мүчөлөрүн бекитүү тууралуу маселелер бар. Эл өкүлдөр жыйынынын он сегизинчи сессиясы үстүбүздөгү жылдын 6-февралында өткөрүлүп, анда өкмөттүн жаңы түзүмү бекитилген. Мамлекет башчы Аскар Акаев жаңыдан дайындалган министрлер Эл өкүлдөр жыйынынын жазгы сессиясында бекитилээрин маалымдаган.