Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:16

Эл өкүлдөр жыйыны 34 судьянын талапкердигин карайт


БИШКЕК. Бүгүн Эл өкүлдөр жыйынынын мамлекеттик түзүлүш жана мыйзамдуулук комитетинин жыйыны өткөрүлдү. Анда Жогорку соттун судьялыгына мамлекет башчы тарабынан сунушталган үч, жергиликтүү соттордун судьялыгына көрсөтүлгөн 31 адистин талапкерлиги жактырылды. Отурум соңунда судьялыкка талапкерлерди палатанын жалпы отурумуна алып чыгуу чечими кабыл алынды. Эл өкүлдөр жыйынынын он тогузунчу сессиясы 24-мартта башталат. Анда отузга жакын маселе каралат. Анын арасында өкмөттүн жаңы дайындалган мүчөлөрүнө макулдук берүү маселеси бар.

XS
SM
MD
LG