14-мартта Михаил Саакашвилинин автоунаасын грузин-ажар чегарасында куралчан адамдар тосуп, аны Ажариянын аймагына киргизбей коюшкан. Жарым саатка жакын созулган жаакташуудан майнап чыкпагандан кийин Саакашвили аттын оозун буруп, Грузияга кайтып кеткен болчу. Көп өтпөй эле ырасмий Тбилиси Ажар бийлигине жаңы шарт койду. Ага ылайык Батуми автономиялуу республиканын аймагында президент М.Саакашвилинин эркин жүрүшүн жана куралчан топторду таратууну камсыз кылууга тийиш. Михаил Саакашвилинин өзүнүн билдиргенине караганда, Ажар автономиясынын лидери Аслан Абашидзе анын талаптарын дүйшөмбүнүн кечине чейин аткарышы керек. Болбосо Грузия Ажарияга айрым экономикалык чектөөлөрдү киргизип, аба жана деңиз жолдорун тосуп, автономиянын жетекчилигине тиешелүү банк эсептерин жабууну айтууда.
М.Саакашвили ошол эле маалда бул – пайдага чечилген тирешүү болсун деди:
- Ажария тарапта каруу-жаракчан адамдар, оор куралдары жана снайперлери бар аскердик катерлер жүрөт. Биздин милдет - чатакты ырбатпай чечүүнүн тынчтык жолун табуу. Экинчи жагынан Грузиянын баардык атуулдары билип коюшу керек – биз эч убакта Ажариянын Грузиядан бөлүнүп кетишине жол бербейбиз. Мен Грузиянын бүтүндүгүн сакташ үчүн колдон келгендин баарын жасайм.
Мындай кырды бычак кырдаал грузин-ажар мамилесинде буга чейин да көп кайталанган. Грузияда 1990-жылдан кийин түзүлгөн башаламандыктан пайдаланган Ажар бийлиги Тбилисиден эркин саясат жүргүзүп, өз алдынчалыкка жетишкен. Аслан Абашидзенин Ажарияны Грузиядан саясий-экономикалык жактан дээрлик бөлүп чыгып кетишине Орусиянын Батумиде жайгашкан аскердик базасынын жана Грузиянын мурдагы президенти Эдуард Шеварднадзенин бийлигинин алсыздыгы оңтойлуу шарт түзгөн.
Михаил Саакашвилинин шайланышы менен грузин-ажар мамилесине өзгөрүүлөр кире баштады. Акыркы 12 жылда Ажарияда биринчи жолу оппозиция пайда болду. Алар 28-мартта өтө турган парламенттик шайлоодо жеңишке жетүүнү максат кылышууда. Эгер ал аткарылса Аслан Абашидзенин бийлигинин күнү бүтөт. Ал эми М. Саакашвили 14-мартта Ажариягы дал ошол парламенттик шайлоого байланыштуу ат арытып бараткан.
Грузин президентин чегарада котолгон куралчан топ тоскон маалда Аслан Абашидзе Москвада жүргөн. Анткени ажар лидери арачылыкка Орусия менен АКШны чакырууда. Талдоочулар акыркы 3 айда Абашидзе Москвага 6 ирет каттаганын айтышат. Акыркы жолу барганында ал Орусиядан аскерий күч сураганын журналисттерге берген маегинде ачыкка чыгарды. Анткени Ажарияга киралбай шаабайы сууп кайткан президент М.Саакашвили армияны күжүрмөн даярдыкка келтирген болчу. Айрым маалыматтар боюнча чегаранын Грузия тарабына аскердик күчтөр топтолду. Орусия тышкы иштер министрлигинин өкүлү Александр Яковенко болсо абал көзөмөлдөн чыгып кетсе баардык жоопкерчилик Грузияга жүктөлөөрүн билдирди.
Акыркы маалыматтар боюнча, Грузия өкмөтү Ажарияга экономикалык чектөөлөрдү киргизүүнү турмушка ашыра турган атайын борбор түздү. Аны жетектөө милдети премьер-министр Зураб Жванияга жүктөлдү. Бири-бирине кастарын тигип калган тараптарга Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму арачыга түштү. ЕККУнун өкүлү Ричард Мөрфи тараптарды тирешүүнү ырбатпай, сабыр кылууга чакырды:
– ЕККУ кырдаалдын курчушуна кайдыгер карай албайт. Маселенин тынч жол менен чечилишине уюм ушунча кызыкдар – биздин уюмдун учурдагы төрагасы – Болгариянын тышкы иштер министри Соломон Пассай азыр Грузияда жүрөт. Ал кусаматын тигип калган тараптарды сабырга чакырып, абалдан аман-эсен чыгуунун баардык жолдорун пайдаланууга чакырууда.
Ал арада Аслан Абашидзе М.Саакашвилинин койгон талаптарын карап көрүүгө муюп атат деген маалыматтар тарады.