Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:16

ДЕПУТАТТАР АМАНГЕЛДИ МУРАЛИЕВГЕ МИНИСТРЛИК ОРУНДУ ЫРАА КӨРҮШПӨДҮ


Чолпон Орозобекова, Бишкек Эл өкүлдөр жыйыны кыргыз өкмөтүнүн жаңы мүчөлөрүн дайындоого жашыруун добуш берди. Депутаттар атайын кабинага кирип, өкмөттүн ар бир мүчөсүнө өзүнчө бюллетен толтурушту. Буга чейин кызматын аткаруучу болуп келген эки вице-премьер жана айрым министрлер бекитилип, бир гана Амангелди Муралиевге 22 депутат каршы добуш берип, министрликке бекибей калды.

Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттары добуш берээр алдында бир саатка чукул жабык эшик артында кеңешишти. Жада калса президенттин өкүлүн дагы сыртка чыгарып ийгенине караганда өтө жашыруун талкуу жүрдү. Кай бир маалыматтарга караганда Билим берүү министрлигине көрсөтүлгөн Мустафа Кидибаевдин тегерегинде талаш болду. Атын атабоону суранган депутаттын айтымында Мустафа Кидибаевди Ак үйдөгү чоң адамдар түртүп, депутаттардын ар бири менен сүйлөшүп чыкпаса өтпөй калышы толук мүмкүн болчу.

Башында палатада тиешелүү комитетке бул талапкерди сунуштоо кагазы регламентте көрсөтүлгөндөн кеч түшкөндүгү жөнүндө талаш жаралган. Бул комитетти жетектеген депутат Бакир Жолчиевдин айтымында, комитеттеги депутаттар Мустафа Кидибаевдин талапкердигин эмкиге калтырууну эп көргөн. Премьер-министр Николай Танаев дагы Мустафа Кидибаевдин маселесин бир аз артка жылдыра турууну макул көргөн. Өкмөт башчы башынан эле Мустафа Кидибаевди депутаттар четке кагат деп чочулагандай түрү бар.

Кечээ депутаттар алдында сүйлөгөн сөзүндө премьер-министр М.Кидибаевди эмки сессияга чейин милдетин аткаруучу болуп иштей турса деген тилегин билдирип, ага чейин ишинде тыңып, элге таанылып, силер да жакындан билип каласыңар деген. Бирок, байкоочулардын баамында буга палатанын төрагасы Алтай Бөрүбаев муюбай, ушул сессиядагы тизмеге кошуп койгон. Акыры Каракол университетинин мурдагы ректору 27 добуш менен Билим берүү министрлигине бекиди.

Кубанычбек Жумалиевге сын-пикирлер көп болуп, палата бекиткен күндө да конституциялык сотко кайрылам деген депутаттар болгонуна карабай, баарынан көп добушту - 39 добуш алды. Биринчи вице-премьерге карата журналисттер жана айрым кесиптештери айткан "сиздин бюллтендериңиздин түсү жашыл болсо керек" деген тамашасы турмушка жакын болуп чыкты. Сессияда анын вицелик менен министрликтин эки тизгин, бир чылбырын кармап атканын мыйзамсыз деп тапкан депутаттар да болгон. Биринчи вице-премьердин оюнда эки кызматты бирдей аткарып атканы Башмыйзамга каршы келбейт. Анын айтымында, эки иште иштесе да бир айлык алууда. Мындай эки кызматта иштегенге мыйзамдык нормалар жол берээрин белгилейт.

Социалдык маселелер боюнча вице-премьер Уларбек Матеев 34 добуш, Эсеп палатасынын башчысы Дамир Өскөмбаев 34, Мамлекетик мүлк комитетин жетектеген Равшан Жээнбеков 39 добуш менен бүгүнкү аркалап аткан кызматына бекем отурушту. Ал эми бюллетендерди эсептеген комиссияны жетектеген депутат Каныбек Иманалиевдин кийинки билдирүүсү көп адамдарга күтүүсүз болду.

Амангелди Муралиев 20 гана добушка ээ болуптур. Ошентип 22 депутаттын каршылыгы менен Аманбек Муралиев министирликке бекибей калды. Бул нерсе айрым депутаттар үчүн да күтүүсүз болгондой. «Мен мындайды күткөн эмесмин. Кантсе да өкмөт башчы болгон, Ошто да иштеген. Балким ошол кездердеги ишинен бирдеме бар го...» - деди Жаныш Рустанбеков.

Өкмөт мүчөлөрү кудуңдап, бирин-бири куттуктап тарап баратышты. Экономика, өнөр- жай жана соода министринин кызматын аткаруучу Амангелди Муралиевге микрофон сундук. Анын оюнда, бул жерде саясат бар. «Саясат деген ушундай да. Ар кандай саясий көз-караштагы депутаттар бар. Менин талапкерлигим бирөөлөргө жакпай калды го», деди Амангелди Муралиев.

Өкмөт башчы Николай Танаев жыйын соңунда депутаттарга ыраазычылык билдирип сүйлөдү. Сөз арасында А.Муралиевдин дайындалышына макулдук албай калышы тууралуу «биз бул маселеге кайрылабыз» деди кыскача гана.

XS
SM
MD
LG