Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:39

ӨЗБЕКСТАН ТЕРРОРДУК ЧАБУУЛДАРДЫН АЛОО ОТУНДА


Амирбек Азам уулу, Прага шаары Өзбекстанда дагы жаңы калабалуу окуялар болду. Бүгүн (шейшемби күнү) өлкө президентинин резиденциясына кеткен жолдо - Ташкенден 15 чакырымдай алыста белгисиз куралчандар менен милиция аткылашты. Борбор шаарга ирегелеш Кибрай районунда бомба жардырылды. Ички иштер министрлиги аткылашууда террорчу деп шектелген 8 адам жана эки жанкечти өлтүрүлгөнүн билдирди. Алдыңкы эки күндө Ташкен жана Бухара шаарларындагы бомба чабуулдарынан бери дегенде 19 киши өлүп, 25тен ашуун адам ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышкан эле. Өзбек бийликтери террордук чабуулдар “кылдат даярдалганына” көңүл бөлүшүп, алар үчүн тыйуу салынган “Хизб ут-Тахрир” тобун айыптады.

Бүгүн Өзбекстандын президентинин сарайына кеткен жолдо (Ташкен шаарынан 15 чакырымдай түндүк чыгышта) белгисиз адамдар менен милиция ортосунда куралдуу кагылышуу болду.

Кагылышуу террорчу деп шектелген адамдарды “таап жок кылуу” боюнча өткөрүлгөн таңкы операция учурунда болгонун өлкөнүн тышкы иштер министрлигинин өкүлү Илхом Закиров билдирди.

Ушул эле күнү эртең менен Ташкенден түндүк чыгышта бир нече бомба жарылды. Маалымат булактарынын кабарлашынча, бир киши милициядан качып баратып, машинесин жардырып жиберген.

Ички иштер министрлиги шейшемби күнү болгон аткылашууда террорчу деп шектелген 8 адам жана эки жанкечти өлтүрүлгөнүн маалымдады.

Террордук жардыруулар муну менен үчүнчү күн бою кайталанууда.

Жекшемби жана дүйшөмбү күндөрү Ташкен жана Бухара шаарларында болгон жардыруулардан он тогуз киши өлүп, 25тен ашуун адам жарадар болгон.

Ташкендин “Чарсу” базарындагы жардырууларды, маалыматтарга караганда, кийиминин астына бомбаны жашырып алган жанкечти аялдар ишке ашырышкан.

Жекшемби күнү түн ичинде Ташкендин көчөсүндөгү документ текшерүү маалында милиционер атып өлтүрүлүп, кылмышкерлер качып кетишкен. Таң азанда тракторлорду жасоочу заводдун жанында күзөттөгү милиционерлерге кол салынып, эки милиционер өлгөн.

Ошол эле күнү көз байламдан кийин Бухара облусунда болгон жардыруу 10 кишинин өмүрүн жалмады.

Өлкөнүн башкы прокурору Рашид Кадыров кырсык болгон тамдан колдо жасалган 50 шише бомба, эки тапанча, "Калашников" автоматы, диний адабияттар табылганын билдирди.

Өзбек бийликтери дүйшөмбү күнү кечке чейин террордук чабуулдар жөнүндө эч кандай маалымат бербей, андан соң гана мамлекеттик телеканалдан билдирүү жасалды.

Ички иштер министрлиги террордук чабуулдарга байланыштуу 11 киши кармалганын маалымдады.

Президент Ислам Каримов дүйшөмбү күнү куптан чукул жасаган телекайрылуусунда жардырууларга Өзбекстанда тыйуу салынган жана мурда террорчулук менен байланышы болбогон “Хизб ут-Тахрир” уюмун айыптады. Ошондой эле чабуул оболу Нооруз майрамы тушуна мерчемделип, бирок, көрүлгөн кылдат чаралар аны болтурбаганын айтып, мындай деди:

- Бул окуяларды көз алдыбыздан өткөрүп, тийиштүү жыйынтыктарды чыгара турган болсок, мен муну айтуум керек. Бул окуяларга алдын ала даярдык көрүлгөнүн, аны ишке ашырууга мүмкүнчүлүгү чоң жана зор каражатка ээ экстремисттик борборлор четтен туруп, ар тараптуу жардам бергенин көрөбүз.

Президент И. Каримов өлкө атуулдарын “ биригүүгө” жана “өлкөнү бул сындуу душманчылыктан” коргоого да чакырды.

“Хизб ут-Тахрир” уюмунун Лондондогу башкеңсеси ошол замат ырасмий Ташкендин айыптоосун жалган жалаа катары четке какты.

Террордук жардыруулар Өзбекстан үчүн жаңы көрүнүш эмес. 1999-жылдын февраль айында Ташкенде болгон жардыруулардан 16 киши өлүп, 100дөн ашуун адам жарадар болгон. Өзбек бийликтери беш жыл мурдакы террордук чабуулдардын максаты президент Каримовго каршы багытталган деп түкшүмөлдөшкөн.

Каримов кечээ жасаган билдирүүсүндө акыркы террордук чабуулдарды 1999-жылы болгон бомба жардыруулары менен байланыштырды.

Бүгүнтөн тартып Ташкендин көчөлөрүн мыкты жабдылган милиция кошуундары менен аскерлер күзөтүүдө.

XS
SM
MD
LG