Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:41

ИРАКТАГЫ АКЫРКЫ ЖАГДАЙ


Нарын АЙЫП, Прага Акыркы мезгилде Иракта америкалыктарга кол салуулар күчөп жатканына карабастан, АКШ жетекчилиги өз милдетин аткарып, өлкөдө демократиялык өзгөрүүлөрдү ишке ашырып, 30-июндан кийин бийликти ирактыктардын өзүнө өткөрүп берүүгө даярданууда. Америкалык саясатчылардын айтымында, 31-март күнү болгон окуя дагы андай пландарды өзгөртө албайт.

31-мартта Ирактын Фаллужа шаарында эки машине менен бараткан америкалык төрт жаранга каршы буктурма уюштурулган жана алар өлтүрүлгөн. Андан соң чогулган эл өлгөндөрдүн денелерин аркан менен машинеге байлап, аларды шаардын көчөлөрү аркылуу сүйрөп өткөн, машинелер болсо өрттөлгөн. Өлгөндөрдү табалагандар аларды тепкилеп, бир өлүккө бензип чачып, аны өрттөп жиберген.

Өлүктөрдүн колу-буту ажырап кеткенден кийин, алар сымга тизилип, кийин көчөгө илинип коюлган. Калган өлүктөр болсо дарыядагы көпүрөдөн ылдый илинип, аларга чоң тамгалар менен жазылган плакат байланган. Плакатка: "Фаллужа шаары - америкалыктардын мүрзөсү" деп жазылган.

Ошол эле күнү Фаллужа шаарынан алыс эмес жерде бомба жарылып, беш америкалык аскер курман болду. Андан көп узабай, Бакуба шаарында бир машине жарылып кеткенден бир адам набыт кетип, дагы 14 киши жараат алды.

Алманияда кызмат сапар менен жүргөн мамлекеттик катчы Колин Пауэлл ошол эле күнү Берлин шаарынан атайын билдирүү жасап, бул кылмыштарга бийликтен кулатылган Саддам Хусейндин жактоочулары жооптуу деп айтты:

- Мурдагы режимдин калдыктары, террорчулар жана тартип бузган башка кылмышкерлерге жооп берилет жана аларга каршы тийиштүү чара көрүлөт. Кимдин болбосун өлгөнүн биз терең кайгыруу менен кабыл алабыз жана өлгөндөрдүн туугандарына мен көңүл айтам. Алар өз өмүрүн эркиндик үчүн, Ирак элинин эркиндиги үчүн курмандыкка чалды. Эркиндик баары бир келет.

Фаллужа шаарында болгон зөөкүрдүк - 1993-жылы Африканын Сомали мамлекетинде орун алган окуяларга окшош. Анда дагы сомалиликтер өлгөн бир америкалык солдаттын денесин машинеге байлап алып, аны Могадишу шаарынын көчөлөрү аркылуу сүйрөп өткөн. Сомалидеги ич-ара согушту токтотуп, касташкан урууларды бир-бири менен элдештирүү үчүн АКШ өлкөгө аскер киргизген. Бирок жергиликтүү калк америкалыктарга каршы аракеттенип, АКШнын 18 аскерин өлтүргөндө, президент Билл Клинтон аскерлерди өлкөдөн чыгарып кетүүгө буйрук берген.

Азыр дагы кээ бир саясатчылар Иракта курман болгон америкалык аскерлердин саны улам көбөйүп баратканы акырында АКШнын өзүндөгү элдик каршылыктарга алып келиши мүмкүн деп чочулоодо. Бардыгы болуп Иракта америкалык 597 аскер өмүрүнөн айрылды, алардын 459у - өткөн жылдын 1-майында согуш аяктады деп жарыялангандан кийин набыт кетти.

Виетнам согушунда АКШ 58 миң аскер жоготкондон кийин, аскерий аракеттер учурунда америкалык жетекчилик мүмкүн болушунча көбүрөөк техника жана илимий жетишкендиктерди колдонуп, солдаттардын өмүрүн сактап калганга өтө жогору маани берет. 1975-жылдан бери АКШ дүйнө жүзүндө 91 ири аскерий операцияга катышты жана аларды ишке ашыруу учурунда бардыгы болуп 900 гана аскер курман болгон.

Ирактагы согушта бир жылдын ичинде 600 аскер өлгөнү бир топ жогору көрсөткүч, бирок АКШда азырынча согушка каршы маанай күч ала элек, анткен менен маалымат каражаттары жана кээ бир саясатчылар аны катуу сынга ала баштады.

XS
SM
MD
LG