Президенттин жардыгы менен жаңы министрдин кызматын утурумдук аткаруучу болуп Ыссыккөл облусунун Балыкчы шаарынын мурдагы мэри Тажимамат Шаболотов дайындалды. Президент өз жардыгы менен бир айлык мөөнөттө жаңы министрдин аткара турган милдеттерин жана анын өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүсү үчүн керектүү материалдык-техникалык муктаждыктарын чечип берүүнү өкмөткө милдеттендирди.
"Жаңы министр келечекте кандай иш аткарат?" деген суроого өкмөттүн эларалык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Сактанбек Кадыралиев мындайча жооп берди:
-Бул киши бардык министрликтер менен иштешет. Ошолордон келишимдердин аткарылышы тууралуу маалымат алат. Кайра мына ошол келишим, макулдашуулардын аткарылышын көзөмөлдөйт. Анткени өкмөт башчы, премьер-министрлер көп учурларда келишимдердин аткарылышына көзөмөл жасай албай калып жатышат. Жаңы министрдин аткара турган милдеттери бир айдын ичинде дагы такталат.
Жаңы министрликтин ачылышы боюнча коомчулукта түрдүү пикирлер жаралууда. Айрым байкоочулардын айтымында, Кыргызстандын учурдагы мамлекеттик түзүлүшүндө бири-биринин милдеттерин кайталган мамлекеттик органдар көп. Жалпысынан алганда президенттик админстрациянын аткарган иштерин кыргыз өкмөтү түздөн түз болбосо да, кыйыр түрдө кайталайт. Ал эми жаңы ачылган министрликтин ишмердүүлүгүнө токтолсок, учурда өкмөттүн жана президенттик администрациянын курамында түздөн түз эларалык байланыш жана кызматташтык менен алектенген өз-өзүнчө бөлүмдөр жана бир канча министрликтер бар. Тагыраак айтканда, эларалык маселер менен бүгүнкү күнү тышкы иштер министрлиги, өкмөттүн алдындагы эларалык кызматташтык бөлүмү, президенттик админстрациянын эларалык бөлүмү, мамлекет башчынын тыштан инвестицияларды тартуу боюнча атайын өкүлү, экономикалык өнүктүрүү, тышкы соода жана өнөр жай министрлиги алектенет. Буга кошумча мамлекет башчысынын жардыгы менен эми дагы бир министрлик кызмат орду ачылып отурат.
Жаңы кызматтын ачылышы тууралуу Мыйзам чыгаруу жыйынынын эларалык байланыш комитетинин башчысы Алишер Абдымомунов мындай дейт:
- Тыштан инвестиция тартуу, дегеле, башка өлкөлөр менен байланыш боюнча иштерди тышкы иштер министрлиги аткарышы керек. Бизде тескерисинче тышкы маселер боюча бир нече мамлекеттик органдарды ачып алдык. «Койчу көп болсо, кой арам өлөт», дегендей эле болуп жатат.
Ал эми Эл өкүлдөр жыйынынын мамлекеттик түзүлүш жана мыйзамдуулук комитетинин жетекчисинин орун басары Исках Масалиев жаны министлик кызматтын ачылышы тууралуу төмөндөгүчө өз ою менен бөлүштү:
- Жаңы министрликтин ачылыш себеби мага түшүнүксүз. Менин оюмча келээрки бюджет бекитилгенге чейин жаңы кызмат ачылбашы керек эле. Анткени жыл бүтө элек. Жылдын бюджетин бүтүрүш керек. Демек жаңы министрлик ачылды, эми биз бюджетти дагы өзгөртүшүбүз керек болот. Себеби ал министрликке бир жерден акча табышыбыз керек да.
Эл өкүлдөрүнүн жогорудагыдай пикирине аткаруу бийлигинин өкүлдөрү макул эмес. Жаңы министрлик башка мамлекеттик органдардын милдетин кайталап калбайбы, деген суроого өкмөттүн эларалык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Сактанбек Кадыралиев мындай дейт:
- Президенттик администрациянын эларалык бөлүмү тышкы саясатка жалпы жетекчилик кылат. Алар тышкы саясатты президенттин атынан жүргүзөт. Ал эми биз өкмөттүн атынан тышкы саясат жүргүзөбүз. Кээ бирде Жогорку Кеңешке ратификацияга кеткен келишимдер бир, эки жылга кармалып калып жатат. Жаңы министрлик мына ошол келишимдер боюнча да иш алып барат.