Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:37

БУШ 2001-ЖЫЛДАГЫ ТЕРРОРДУК ЧАБУУЛ БОЮНЧА АЙЫПТАРДЫ ЧЕТКЕ КАКТЫ


Сапар Орозбаков, Прага АКШнын президенти Жорж Буш 2001-жылдагы террордук чабуулду президент жана анын администрациясы алдын алган жок деген айыпты четке какты. Кечээ ал журналисттер менен маектешип жатып, чыны менен эле 11-сентябрдагы окуядан 1 ай мурда ага чабуул болоору тууралуу маалымат кагаз келип түшкөнүн айтып, бирок ал кандайдыр бир конкреттүү чараларды көрүүгө негиз берген маалымат болбогондугун белгиледи.

2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук чабуулду териштирип жаткан көз карандысыз комиссия чабуул болоорго 1 ай калганда президентке тапшырылган маалымат кагаздын мазмунун ачыкка чыгарды. Буштун оппоненттери “анда чабуул белгиленип жаткандыгы жана ал Нью-Йоркко багытталганы тууралуу маалымат бар болчу, президент жана анын администрациясы болсо ал маалыматты көңүлдүн сыртына калтырып, 2001-жылдагы террордук чабуулду болтурбоо боюнча тийешелүү чараларды көргөн жок” дешет. Президент Буш бул айыпты жекшембиде журналисттер менен болгон маегинде четке какты:

- Маалымат кагазда Америкага чабуул болоору тууралуу эч нерсе айтылган эмес. Анда Американы жек көргөн бирөөнүн каалоосу гана айтылган. Аны биз жакшы билгенбиз,- деди Жорж Буш.

Уу-дуу сөз болуп жаткан бул маалымат кагазды 2001-жылдын 6-августтундагы администрацияда өткөрүлө турган күндөлүк жыйынга Борбордук чалгындоо башкармалыгы даярдаган. 2 барактан турган бул маалымат кагаз “Чет өлкөлүк өкмөттөрдүн жана массалык маалымат каражаттарынын билдирүүлөрү Усама бен Ладен 1997-жылдан бери АКШга каршы террордук чабуул жасоону көздөп келээрин көрсөтөт” деп башталат. Бирок анда чабуулдун сөзсүз болоору айтылбайт. Ошентсе да чабуул Нью-Йоркко багытталышы мүмкүн экендиги көрсөтүлөт. Анда Федералдык чалгындоо боюросунун маалыматтарына таянып, чабуул учактардын же ага окшогон башка каражаттардын жардамы менен жасалаары айтылат.

Президент Буш журналисттер менен жекшембидеги жолугушуусунда бул маалымат кагазда өкмөт билбеген эч кандай жаңы кабар болгон эмес деди:

- Мен Америкага чабуул даярдалып жатат деген, анын убактысын жана болоор жерин көрсөткөн маалыматты эч качан көрбөгөнүмдү канааттануу менен билдирем. Албетте Усама бен Ладендин Американы жек көрөөрүн биз билчүбүз. Ал ансыз деле түшүнүктүү болчу деп ойлойм, – деди Жорж Буш.

Быйыл ноябрь айында АКШда президенттик шайлоо өткөрүлөт. Буга чейин өткөрүлгөн социологиялык сурамжылоолор шайлоочулар биринчи иретте президент Буштун террорчулук менен күрөшүүсүн баалай турушкандыктарын көрсөткөн болчу.

Ошондуктан Президент Бушка тагылган 2001-жылдагы террордук чабуулду алдын алган жок деген айыптоо боюнча тергөөнүн кандай корутундуга келиши Буштун Ак үйдө дагы бир мөөнөткө калаар-калбасына таасир этпей койбойт.

XS
SM
MD
LG