Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:55

Блэрдин айтымында, Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу жараяны токтогон жок


Британиянын өкмөт башчысы Тони Блэрдин айтымында, Израилдин жаңы пландарына карабай, Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараяны уланат. Мындан эки күн мурда Вашингтонго жөөт премьер-министри Ариел Шарон келгенде, Газа тилкесинде курулган жөөт айылдары көчүрүлүп кеткени менен, Йордан дарыясынын батыш жээгиндеги араб жерлеринде пайда болгон жөөт айылдары көчүрүлбөйт деп билдирген жана АКШ президенти Жорж Буш ага колдоо көрсөткөн. Бир топ европалык мамлекет жана эл аралык уюмдар бул жаңы демилгени катуу сынга алганы менен, Блэрдин айтымында, мурда түзүлгөн "Жол картасы" аттуу план дагы эле күчүндө.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG