Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:58

ИРАКТЫН БААС ПАРТИЯСЫНЫН КЭЭ БИР МҮЧӨЛӨРҮ КАЙРАДАН КЫЗМАТКА АЛЫНЫШЫ МҮМКҮН


Нарын АЙЫП, Прага Американын Ирактагы убактылуу башкаруучусу Пол Бремер 23-апрелде Ирактагы сыналгы аркылуу чыгып сүйлөп, өлкөнү мурда башкарган БААС партиясынын айрым мүчөлөрүн кайрадан кызматка алууга уруксат берилет деп билдирди. Ирактын Башкаруучу кеңешинин кээ бир мүчөлөрү аны катуу сынга алды. Фаллужа менен Нажаф шаарлары болсо дагы эле америкалык курчоодо жана эгер чабуул башталса, Ирак динаятчыларынын пикиринде, чоң кан төгүү болушу мүмкүн.

Америкалык план боюнча, 30-июнга чейин Ирактын жаңы өкмөтү түзүлөт жана азыркы Башкаруучу кеңеш өз милдеттерин ошол убактылуу өкмөткө өткөрүп берүүгө тийиш. Ал өкмөт жарым жылдын ичинде жалпы элдик шайлоо даярдап, өлкөнүн жаңы жетекчилиги 2005-жылдын январында шайланат.

30-июнь жакындаган сайын жаңы өкмөттүн курамын аныктоо бир топ татаал маселеге айланууда жана кээ бир эксперттер ал мөөнөт, мүмкүн, кийинкиге жылдырылат деген божомолду айтууда. Бирок Бириккен улуттардын Ирак боюнча атайын өкүлү Лахдар Брахими 24-апрелде Парижде чыгып сүйлөп, Ирактагы бийликти ирактыктардын өздөрүнө өткөрүп берүү планы жана мурда макулдашылган мөөнөттөр өзгөрбөйт деп билдирди.

Мурдагы президент Саддам Хусейндин БААС партиясынын мүчөлөрүн кайрадан мамлекеттик кызматка тартуу планын болсо Ирактын Башкаруучу кеңешинин жетекчилеринин бири Ахмад Чалаби дароо катуу сынга алды. Анын пикиринде, бул жаңы демилге - Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин нацисттерге Алманиянын мамлекеттик кызматында кайрадан иштөөгө уруксат бергенге барабар. Бирок былтыр Саддам бийликтен кулатылгандан кийин, анын партиясына киргендин баары кандай болбосун жооптуу кызматтан четтетилип, өлкөнүн мурдагы армиясы дагы таркатылып жиберилгенден кийин өлкөдө 400 миңге жакын адам жумушсуз калган жана анын натыйжасында көптөгөн маселелер чыгууда.

Америкалыктар такалган дагы бир нерсе - Фаллужа, Нажаф жана бир нече башка шаарларда козголоң чыгып, акыркы апталарда америкалыктарга каршы куралдуу каршылык көрсөтүлө баштаганында. Эки айдан кийин бийлик баары бир ирактыктардын өзүнө өткөрүлүп берилүүгө тийиш болгон абалда мындай каршылык - жөн гана америкалыктарга каршы багытталбастан Ирактын өзүндөгү бийлик үчүн күрөштүн бир бөлүгү катары бааланууда.

Козголоң чыккан эки негизги калаа - суннилердин Фаллужа жана шийилердин Нажаф шаарлары. Нажафта азыр - америкалыктарга куралдуу каршылык көрсөткөн Мехди армиясын түзгөн Муктада ас-Садр жашынууда жана анын жоокерлерин куралсыздандыруу үчүн коалициялык күчтөр шаарды курчоого алган. Садр болсо 23-апрелде элге кайрылып, америкалыктар толугу менен Ирактан чыгып кетмейинче согуша турганын билдирди:

- Мага көптөгөн адамдар - эркектер жана аялдар келип, шахидке айланып, жанкечтилик аракеттерди ишке ашырууга даяр экендигин билдирип, уруксат сурап жатышат. Мен аларга коё тургула деп жооп берип жатам.

Фаллужада болсо 31-мартта америкалык төрт жаран мыкаачылык менен өлтүрүлүп, кийин алардын денелери мазакталгандан кийин, америкалык аскерлер аны 4-апрелде курчоого алган. 19-апрелде болсо ок атышууну токтотуу боюнча келишим түзүлгөн, бирок шаардагы согушкерлер куралдарын таштай элек.

Ирактагы америкалык аскерлердин башчысынын орун басары генерал Марк Киммиттин айтымында, келишим аткарылбаса, аскерлер шаарга чабуул коюшу мүмкүн. Бирок жергиликтүү динаятчылардын пикиринде, андай болгондо чоң кан төгүү башталып, америкалыктарга каршы башка шаарлардын тургундары да көтөрүлүшү мүмкүн. Шаарды курчаган аскерлердин башчысы генерал Жеймс Конвей Фаллужанын жетекчилерине кайрылып, лашкерлер куралдарын жакынкы күндөрдө таштабаса, чабуул башталат деп эскертти. Бирок так мөөнөт белгилеген жок.

XS
SM
MD
LG