Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:29

ЖОРЖ СОРОС: "МЕНИН ОЮМЧА, АСКАР АКАЕВ КИЙИНКИ ШАЙЛООГО КАТЫШПАЙТ..."


Азиза Турдуева, Бишкек Журналисттер Жорж Сороско "Кыргызстанда 2005-жылы бийлик алмашышы мүмкүнбү?" деген суроону да жолдошту. Ага ал "Аскар Акаев мындан кийинки шайлоолорго өзүнүн талапкерлигин койбойт деп ойлойм", деген жообун берди.

Бүгүн - 27-апрелде Бишкекте белгилүү финансист Жорж Сорос маалымат жыйынын өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп берди. Сөз башында Джорж Сорос Кыргызстанга жасаган
сапарынын башкы максаты жөнүндө кеп козгоду:

- Менин Кыргызстанга бул жолку сапарымдын башкы максаты - Борбор Азиядагы Америка Университетиндеги абалга байланыштуу. Бул маселе Аскар Акаев менен жолугушуу учурунда да талкууланды. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, Борбор Азиядагы Америка Университетинде өз ара пикир келишпестиктерден чыр-чатак чыкты. Эми тирешүүгө чекит коюлду. Анын жетекчилигине талапкерлер изделип жатат.

Сорос Аскар Акаев менен болгон жолугушуусунда кандай маселелер боюнча сөз болгондугун да учкай маалымдады. Президент менен жолугушууда алар келээрки президенттик жана парламенттик шайлоолордун ачык жана акыйкат өтүшү жөнүндө пикир алышкан.

Соростун пикиринде, шайлоолор акыйкат өтүшү үчүн маалымат каржаттарынын орду жогору. Буга байланыштуу Жорж Сорос президент менен жолугушуусунда Кыргызстандын Шайлоо кодексине чет өлкөлүк маалымат каражаттары үгүт иштерине катышпайт деген норманын киргизилгендиги боюнча тынчсыздануусун билдирди.

- Президент бул маселе жакын арада парламентте каралат деген убадасын берди, - деп маалымдады журналисттерге Жорж Сорос.

Ал андан тышкары Аскар Акаев менен болгон жолугушуусунда «Пирамида», "ОШТВ"дагы абалга байланыштуу маселени да козгогон:

- Биз жолугушууда «Пирамида» "ОШТВ" телекомпанияларына байланыштуу абалды да талкууладык. Акаевдин айтымында бул телекомпаниялардагы абал техникалык кыйынчылыктар менен байланыштуу. Президент эми бул телекөрсөтүүлөрдүн айланасындагы маселелерге көңүл бура тургандыгын айтты. «Сорос-Кыргызстан» фонду бул ММКларга техникалык жактан жардам көрсөтөт, - деди Сорос.

Андан соң ал журналисттердин суроолоруна жооп берди. Эң алды менен Сорос фондунун Өзбекстандагы бөлүмүнүн жабылышына эмне себеп болду деген суроо берилип, ага төмөнкүдөй жооп айтылды:

- Сорос фондунун Өзбекстандагы бөлүмүнүн жабылышы жана анын ишмердүүлүгүнө тыйуу салынышы президент Каримовдун түшүнбөөчүлүк мамилесине байланыштуу болду деп эсептейм. Анткени фонд бул өлкөдө конструктивдүү иш жүргүзүп келген. Эгерде фонддун ишмердүүлүгүнө тыйуу салуу боюнча өзбек өкмөтүнүн чечими кайрадан каралбаса бул Өзбекстанга жана өзбек өкмөтүнө терс таасирин тийгизет. Тилекке каршы, өзбек өкмөтү кызыл камчы өкмөт болуп эсептелет. Өзбекстанда кыйноо өтө олуттуу маселелердин бири болуп саналат. Кыргызстан Өзбекстандан айырмаланат, бирок бул жерде да бир топ маселелер бар, - деди Сорос.

Ал эми "сизди Грузиядагы "жибек ыңкылабын" Кыргызстанда кайталоо үчүн келди деген пикирлер бар. Бул жөнүндө эмне айтаар элеңиз" деген суроого Жорж Сорос:

- Менин сапарым боюнча ар кандай сөздөр бар. Биринчиден, Грузиядагы окуяларга Сорос фондунун эч кандай тиешеси жок. Грузияда өтө күчтүү, элдин ишенимине ээ болгон оппозиция бар эле, оппозиция шайлоодо жеңип чыкты. Президент Шеварднадзе кызматынан чегинүүгө мажбур болду,- деген жообун айтты.

Журналисттер Жорж Сороско "Кыргызстанда кийинки президенттик шайлоодо бийлик алмашышы мүмкүнбү?" деген суроону да жолдошту. Бул суроого Сорос:

- Менин оюмча, Аскар Акаев мындан кийинки шайлоолорго өзүнүн талапкерлигин койбойт. Мен үчүн эң башкысы - Акаев кеткенден кийинки президенттик шайлоонун акыйкат жана адилет өтүшү. Бул - бардык президенттер түбөлүк тактан түшпөс болууга аракет кылган аймак үчүн чоң кадам болоор эле, - деген жообун айтты белгилүү соопкер.

Сүрөттө: Кыргызстанга мындан мурда келгенде да Жорж Сорос Аскар Акаев менен жолугуп, анын колунан сыйлык алган.

XS
SM
MD
LG