Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:03

Иракта түрмөдөгү туткундарды мазактаган аскерлер жазасын алат


Президент Буш бул ишти жеке көзөмөлгө алууну Пентагондун башчысы Доналд Рамсфелдге табыштады. Америкалык командачылыктын айтымында, алты офицер аскери тартипте жазасын алышты. Ирактагы абактарды күзөткөн бригаданын командири генерал Женис Карпински ЭйБиСи телеканалындагы интервьюсунда түрмөдөн тартылып алынган сүрөттөрдү комментариялап, аларды “адам диттегис жосун” деп атады. Ошол эле учурда Карпински айым күнөөнү жалаң гана анын командачылыгындагы бригадага телий бергенге болбой турганын, анткени абак жайларында аскери чалгындоо кызматынын өкүлдөрү да көп болушарын белгиледи.

XS
SM
MD
LG