БИШКЕК. Коопсуздук кеңешинин катчысы Мисир Ашыркуловго 2002-жылдын күз айында кол салган окуяга байланыштуу сот иши кечээ Бишкектин Биринчи май райондук сотунда судья Ирина Воронцованын төрагалыгында башталды. Иликтөө жумуштарын Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы жүргүзгөн. Иш 11 томдон турат.
Айрым маалымат каражаттары билдиргендей, айыптуу деп кармалган Таалайбек аттуу 30 жаштагы атуул маңзаттарды колдонгон баңги. Мурда соттолгон. Ал өткөн жылы жайында кылмышка шектүү деп кармалып, он айдын аралыгында төрт жолу соттук-психиатриялык текшерүүдөн өткөн. Аны текшерген адис доктурлар Таалайбекти “республикалык психиатриялык Чымкоргон ооруканасында стационардык шартта дарыланышы керек” деген жыйынтыкка келишкен.