Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:40

ЕВРОПА БИРИМДИГИ ӨЗҮНҮН КЫТАЙ МЕНЕН АЛАКАСЫН “СТРАТЕГИЯЛЫК БАЙЛАНЫШ” ДЕП ЭСЕПТЕЙТ


Сапар Орозбаков, Прага Еврокомиссиянын төрагасы Романо Проди бейшемби күнү эртең менен Кытайдын премьер-министри Вэн Цзябао менен узакка созулган сүйлөшүү өткөрдү. Сүйлөшүүлөрдө Европа биримдиги менен Кытайдын ортосунда саясий, экономикалык жана маданий кызматташууну чыңдоого байланыштуу маселелер талкууланды. Анда Кытайга согуш куралдарын сатпоо тууралуу Евробиримдиктин чечимин жокко чыгарууга, Кытайга “базар экономикалуу өлкө” деген макам берүүгө жана Тайванга байланыштуу маселелер боюнча да пикир алышуу болду.

Европа биримдигинин башчысы Романо Проди Кытайдын премьер-министри Вэн Цзябао менен жолугушуп чыккандан кийин Европа биримдиги менен Кытайдын ортосунда башталган жаңы байланышты мындай деп мүнөздөдү:

- Мен Кытай эл республикасын эки жактын тынчтыкка жана өсүп-өнүгүүгө болгон умтулуусун бириктирип, Европа менен өнөктөш болууга багытталган “стратегиялык кадамы” менен куттуктадым.

Проди Кытайдын премьери Вэн Цзябаого “Галилей” аттуу космостук навигациялык системаны түзүү боюнча Евробиримдиктин жүргүзүп жаткан ишине Кытайдын катышып жаткандыгы жана Евробиримдиктин өзөктүк программаларды тынчтык максатка пайдалануу тууралуу демилгесин колдогондугу үчүн ыраазычылык билдирди.

Рамано Проди Европа биримдиги менен Кытайдын ортосундагы саясий, экономикалык жана маданий кызматташтык боюнча көп мүмкүнчүлүктөр бар экендигин белгилеп, эки тараптын байланыштары мындан ары да чыңдалат деп ишендирди. Ал экономикалык кызматташуу маселесине токтолуп, Кытай келечекте Евробиримдиктин эң чоң соода өнөктөшү болуп калышы мүмкүн экендигин айтты.

Маалыматтарга караганда, Романо Проди жана Кытайдын премьери Вэн Цзябао АКШ жана Орусия жөнүндө талкуу жүргүзүшкөн жок. Вэн Цзябао сүйлөшүүлөрдө Кытайга согуш куралдарын сатууга тыюу салган Европа биримдиги киргизген эмбаргону алып салуу тууралуу маселени көтөрүп чыккан. Бирок Евробиримдиктин башчысы бул маселени биримдик биротоло чече электигин айткан:

- Кытай тарап мага жана менин коллегаларыма Евробиримдиктин Кытайга курал сатууга тыюу салган эмбаргосу тууралуу айтты. Мен бул маселе азыр биримдиктин мүчөлөрү тарабынан талкууланып жатканын билдирдим.

Маалыматтарга караганда, азыр эмбаргону алып салууга Франция, Белгия жана Германия макул болуп, бирок Улуу Британия “Кытай адам укуктарын камсыз кылуу боюнча жетиштүү иш жасаган жок” деп каршы чыгууда. Кытайдын өкмөт башчысы бул эмбарго эскирген чечим деп атап, ал алынып салынса деле, Евробиримдикке кирген өлкөлөр Кытайга курал сатпай тургандыгын айткан.

- Төрага Романо Проди жана Еврокомиссия менен болгон сүйлөшүүлөрдө биз Евробиримдик Кытайга киргизген өзүнүн эмбаргосун алып салат жана Кытайды базар экономикалык өлкө деп тааныйт деген Кытай өкмөтүнүн үмүтүн билдирдик. Проди мырза да, Еврокомиссия да макулдугун беришти, - деди Вэн Цзябао.

Европа биримдиги тез өнүгүп бараткан Кытай мамлекети базар экономикасын куруу боюнча көп иш жасады деп эсептейт. Романо Проди Кытайга “базар экономикасы” деген макам берүү тууралуу Евробиримдиктин чечими июнь айынын аягында чыгып калышы мүмкүн билдирди.

Кытайдын премьери Евробиримдиктин башчысы менен болгон пикир алышуусунда аталган эмбаргонун жана өлкөнү “базар экономикасы” деп таануунун адам укуктарына тиешеси жок экендигин далилдөөгө аракет кылган.

“Биз башынан эле эки проблеманын чечилиши адам укуктары жана башка саясий маселелер менен байланыштырылбашы керек деп айтып келебиз” деди Кытайдын премьери. Ал адам укуктарын камсыз кылуу багытында да Кытай акыркы жылдары көп иш жасагандыгын белгилейт. Анын айтымында, Кытай Бириккен улуттар уюмунун экономикалык, маданий жана социалдык укуктары тууралуу келишимин ратификациядан өткөрдү.

Романо Проди Кытайдын премьерин колдоп, саясий реформалар акырындап жүргүзүлгөндө гана алар ийгиликке алып алып келээрин белгиледи.
Проди Тайван маселеси боюнча да Кытайдын “Бир Кытай” аттуу саясатын Евробиримдик колдой тургандыгын айтты.

Вэн Цзябао болсо Тайван боюнча Европа биримдигинин позициясы аны менен байланыш түзүүнүн бирден-бир шарты болуп эсептелерин билдирди.

Тараптар жакында болуп өткөн Европа биримдигинин кеңейтилиши тууралуу маселе жөнүндө пикир алышты. Романо Проди буга байланыштуу Евробиримдиктин Кытайга салып жаткан инвестициясынын көлөмү азайбайт деп ишендирди. Вэн Цзябао болсо өз кезегинде Кытайдай базары кең жана жумушчу күчү арзан өлкө дүйнөдө жок экенин белгиледи. Кытайдын өкмөт башчысы тиешелүү макроэкономикалык абал жана банк системасы түзүлмөйүн, АКШ талап кылганына карабай, Кытай өз валютасын эркин коё бербей тургандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG