Конференцияда түзүлгөн жумушчу топтор үч багытта - «Ооганстан региондогу жаңы өнөктөш катары», «Соода саясаты жана аны алга жылдыруу», «Транзиттин инфраструктурасы жана транспорт» деген багыттар боюнча талкуу жүргүзүп, алдыда турган милдеттерди аныкташты. Алардын өкүлдөрүнүн билдирүүсү боюнча, бардык жумушчу топтор Ооганстанды калыбына келтирмейин жалпы региондо өнүгүү мүмкүн эмес деген бүтүмгө келишти.
Ооганстандын региондогу жаңы өнөктөш катары өнүгүү жолдорун иликтеген топтун жетекчиси, Ооганстандын инвестицияны колдоо агенттигинин улуу кызматкери Норулло Делеваринин айтымында, бул топ Борбор Азия чөлкөмүндөгү мамлекеттер жалпы бир багыттагы, тактап айтканда, кедейликти жоюу, адамдын мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу саясатын жүргүзүүсү зарыл деген бүтүмгө келди. Бул багытты ишке ашыруу үчүн билим берүү боюнча регионалдык комиссия түзүп, ички техникалык байланышты чыңдоо, массалык маалымат каражаттарынын продукциясы менен камсыздап, маалыматка таңсыктыкты жоюу керек.
Андан тышкары маалымат алмашуу үчүн Интернет баракчаларды көбүрөөк пайдалануу зарыл. Норулло Делевари өзү жетектеген жумушчу топ Ооганстанды калыбына келтирүү үчүн ишке ашыруу керек деп белгиленген багыттар чөлкөмдөгү бардык мамлекеттердин экономикасы үчүн да зарыл багыттар деген көз карашка токтолгондугун белгилеп, жаңы өнөктөш катары жүзүн ачып жаткан Ооганстан алардын ишке ашаарына зор үмүттө экендигин билдирди:
- Айтылган көйгөйлөрдүн баары ишке ашат деген үмүт бар. Анткени, Ооганстан жакында эле Экономикалык кызматташуу уюмуна мүчө болуп кирди. Ал уюм Кабулда өткөргөн конференцияга катышкан мамлекеттердин өкүлдөрү Ооганстандын өнүгүшүнө кызыкдар экендигин билдиришип, алар бул үчүн сооданы күчөтүп, тажрыйба алмашуу керектигин айтышты. Ооганстан коңшу мамлекеттердин тажрыйбасына муктаж. Ал азыр өзүн студенттей сезип турат. Ошондуктан, соодадагы жана башка кызматташуудагы тоскоолдуктарды жоюуга баарыбыз бирге аракеттенишибиз керек. Ага Ооганстан даяр.
Ал эми «Соода саясаты жана аны алга жылдыруу» деген темада иштеген топ Ооганстан менен конференцияга катышып жаткан мамлекеттердин ортосундагы сооданы өнүктүрүүдө эң ириде салык, бажы жана тарифтер тууралуу өз ара маалыматтын жоктугу башкы тоскоолдук деген жыйынтыкка келди. Бул кенемтени жоюу үчүн топ маалыматты Интернет аркылуу алмашууну сунуш кылды. Андан тышкары топ мурда кабыл алынган макулдашуулар такыр эле ишке ашпайт, виза режими катуу, инвестицияны коргоо начар деген бүтүмгө келди. Мындай тоскоолдуктарды жоюу үчүн ишкерлер менен экспедициялык топтордун өкүлдөрүнө бир жылдык виза берүү, өзүнчө бир туруктуу транзиттик корридор түзүү, макулдашууларды ратификациялоо жолун тездетүүнү сунуш кылды.
Ал эми транзит жана транспорт тармагын иликтөөгө алган жумушчу топ мамлекеттер бул багытта эки жана көп тараптуу макулдашууларды кабыл алып, транспорт боюнча регионалдык компания түзүү жана бул ишке жеке менчик тармак өкүлдөрүн көбүрөөк тартууну сунуш кылды.
БУУнун өнүгүү программасынын Борбор Азиядагы экономикалык реформалар боюнча кеңешчиси Войчех Хюбнердин баамында, жумушчу топтор Ооганстанды калыбына келтирүү боюнча буга чейинки үч конференцияга салыштырмалуу бир катар конкреттүү багыттарды аныктады:
- Мен жумушчу топтордун ишинин натыйжасын абдан жогору деп баалап жатам. Менин оюмча, конференция абдан жакшы деңгээлде өтүп жатат. Жумушчу топтордун жыйынтыктарында так багыттар белгиленди. Аны биз конференциянын жалпы катышуучуларынын жактыруусуна сунуш кылабыз. Азыр дагы сунуш-пикирлер жыйналып жатат. Бул конференция мурдагы жыйындарга салыштырмалуу региондук алкакта өтүп, багыттардын так болгону менен айырмаланды. Андан тышкары жеке менчик тармак өкүлдөрүнүн да өз ара пикир алышып, сунуштарын айтканы пайдалуу болду.