Келээрки жылы АКШ армиясынын Ирактагы аскердик аракеттерине кеминде 50 млрд. доллар талап кылынат. Президент Жорж Буш өткөн аптада Конгресстен келээрки каржы жылына карата Ирактагы чыгымдарга бардыгы 25 млрд. доллар сурай турганын айткан. АКШнын коргоо министринин орун басары Пол Волфовиц бейшембиде Сенаттын мүчөлөрүнө Пентагон келээрки жылдын башында андан тышкары дагы 25 млрд. доллар сурамакчы болуп жатканын билдирди.