Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:32

Араб өлкөлөрүнүн лигасы израил-палестина жаңжалды жолго салуунун планын кабыл алды


ТУНИС. Тунисте бүгүн Араб өлкөлөрүнүн лигасынын саммити аяктады. Лига 13 пункттан турган план кабыл алды. План араб өлкөлөрүндө социалдык, экономикалык жана саясий реформаларды жүргүзүүгө багытталган. Анда эл аралык террорго каршы иш-чаралар да камтылган.
Лига бул планды келерки айда боло турган 8 ири өлкөнүн жыйынына тапшырмакчы.
- Биз араб өлкөлөрүнүн жетекчилери эл аралык уюмдардын изарил-араб жаңжалын жөнгө салууда эл аралык мыйзамдарды жана Бириккен улуттар уюмунун чечимин жетекке алышын каалайбыз. Жаңжалды жөнгө салуу араб өлкөлөрүнүн жогорку жетекчилиги жана дүйнөлүк коомчулук тарабынан колдоого алынган “Жол картасынын” негизинде жүргүзүлүшү зарыл, – деди Араб өлкөлөрүнүн лигасынын баш катчысы Амр Муса.
Кечээ саммит ачылгандан кийин Ливиянын президенти Моамар Каддафи жыйындан кетип калган болчу. Ал өзү сунуш кылган Жакынкы чыгыштагы абалды жөнгө салуу планын лиганын секретариаты кароого албай койгондугуна байланыштуу, лиганы “эч нерсе чече албаган натыйжасыз уюм” деп атады.

XS
SM
MD
LG