БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстанга АКШнын мамлекеттик катчысынын Европа жана Евразия боюнча жардамчысынын орун басары Линн Паско кыска мөөнөттүү иш сапар менен келди. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматка караганда, ал Кыргызстанга Борбор Азиядагы сапарынын чегинде келип, АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташуунун мындан аркы багыттары боюнча пикир алышуу максатын көздөдү. Бул күнү Линн Паско менен Тышкы иштер министри Аскар Айтматов, андан кийин президент Аскар Акаев менен жолугушту. Айтматов менен жолугушууда коомдо демократиялык принциптерди калыптандыруу, массалык маалымат каражаттарын колдоо тууралуу пикир алышты. Ал эми президент менен жолугушууга журналисттер киргизилбегендиктен кандай маселе боюнча пикир алышуу болгондугу белгисиз.