Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:01

АРАБ ӨЛКӨЛӨРҮ БУШТУН ЧАКЫРУУСУН ЧЕТКЕ КАГАБЫ?


Чолпон Орозобекова, Прага шаары Мусулман беш мамлекеттин жетекчилери Жорж Буштун чакыруусун кабыл алып, эмки айда боло турган сегиз мамлекеттин саммитине катышуусу күтүлүүдө. Америка бийлиги бул саммит аркылуу "Чоң сегизге" кирген мамлекеттердин экономикалык дараметинин аркасы менен Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү реформаларын ургаалдуу ишке ашырып алса болорун далилдегиси келет. Бирок араб өлкөлөрү азырынча АКШ президентининин мындай демилгесин колдоодон алыс.

Америка Кошмо Штаттары соңку кезде Жакынкы Чыгышка багытталган демилгелер мусулман өлкөлөр үчүн пайдалуу экенин далилдегенге чоң күч жумшап аткандай. Президент Жорж Буш бир катар мусулман мамлекеттерди “Чоң сегиздин” саммитине чакыруу чечимин кабыл алган. Ырасмий Вашингтон тараткан билдирүүдө айтылгандай, Америка бийлиги Орусия, Жапан жана Батыш Европа мамлекеттеринин башын бириктирген бул топ - мусулман мамлекеттердеги реформаларды ишке ашырууга конкреттүү жардам бериши толук мүмкүн.

"Чоң сегиздин" кезектеги саммити АКШнын Жоржия штатында болот. Американын Ак үйү билдиргенге караганда, Жорж Буш Жакынкы Чыгышка аталган мамлекеттер кандай жардам бере алаарын маңдай- тескей отуруп талкуулачу маалды чыдамсыздык менен күтүүдө. Жорж Буш Иордания, Йемень, Ооганстан, Алжир жана Бахрейнге чакыруу жөнөткөнү белгилүү болду. Мындай чакыруу алган кайсы мамлекеттер саммитке катышаары так эмес. Айрым байкоочулардын баамында бул чакыруудан баш тарткан мамлекеттердин тизмеси күндөн күнгө узарып баратат. Азырынча Сауд Аравиясы, Катар, Тунис жана Марокко АКШнын бул чакыруусунан баш тартты. Ал эми Египеттин Тышкы иштер министри Ахмед Махер теледен Египеттин мамлекет башчысы Хосни Мубарак саммитке барбай турганын айткан.

Мусулман мамлекеттеринде реформаларды ишке ашыруу идеясын ырасмий Вашингтон көтөрүп чыкканда эле Араб өлкөлөрү анча жактырбай, аны текебер жана күчкө таянган саясат катары баалашкан. Айрым араб өлкөлөрүнүн пикиринде, демократия эч качан сырттан күчтөп алып кирилбейт, эгер элге керек болсо ошол жерде өзүнөн өзү орногону оң. Лондондук эксперт Даниел Нииптин пикиринде Жорж Буш Жакынкы Чыгышты кайрадан козгогону турат деген пикирде:

- Буш учурда Даркан Жакынкы Чыгыш демилгелерине жаңы дем берем деп аракет кылууда. Басма сөз беттеринде Даркан демилгелер кичинекей демилгеге айланып калышы ыктымал деген кыязда какшык да айтыла баштады. Ошондой эле Буштун мурда жарыялаган эркиндиктин башкы стратегиясы өңдүү үмүттү актабаган идеясы бойдон кала берет деген да ойлор бар.

Аңгыча Тунисте жекшембиде өткөн араб өлкөлөрүнүн саммитинде демократиялык реформалар тууралуу сөз болду. Байкоочулардын баамында бул саммит Американын реформа жүргүзүү талабына жооп катары ташталган кадам өңдүү таасир калтырды. Саммитке катышкан мамлекеттер адам укуктарынын сакталышын, аялдардын укугун бекемдөө жана эркиндиктерди кеңейтүү өңдүү маселелерди талкуулашты. Бирок айрым араб өлкөлөр Тунистеги саммитти четке какты. Мисалы, Муаммар Каддафи эки араб өлкөнүн лидерлери жок болгондон кийин мындай жыйын өткөрүүнүн кажети жоктугун айтып саммиттен чыгып кетти. Ал түрмөдө жаткан Саддам Хусейн менен үйүнөн чыкпай отурган Ясыр Арафатты эскертти.

Ал эми Жакынкы Чыгыш мамлекеттери боюнча эксперт Райм Аллафтын пикиринде, Тунистеги саммит ага араб өлкөлөрү Американын көрсөтмөлөрүн ээрчибейт деген кыязда гана жасалган жүрүштөй таасир калтырды.

XS
SM
MD
LG