Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:46

БУУнун Косоводогу өкүлү кызматынан кетти


ПРИШТИНА. Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннан 67 жаштагы Харри Холкеринин өтүнүчүн канагаттандырды. Муну Холкери ден соолугу менен байланыштырды. Буга албан жетекчилери кабатырланышты. Өкмөттүн өкүлүнүн айтымында, мындай пикирин Косовонун премьер-министри Баграм Рексхеппи айтты.
Ал эми Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча башчысы Хавьер Солананын пикирине караганда, Холкери бул жерде иштеши зарыл болчу. Холкери эки апта мурда Франциядагы ооруканага жаткырылган. Косоводогу кырдаалды талкуулаган Европа тышкы иштер министрлеринин Страсбург отурумунда анын ден соолугу кескин начарлап кеткен. Улуттар Уюмунун Косоводогу миссиясына жаңы жетекчи дайындалганга чейин бул милдетти Чарльз Бершоу аткарат.

XS
SM
MD
LG