БРҮССЕЛ. Еврокомиссия эл аралык контингенттин Ооганстандагы аракеттерине каршылык билдирди. Комиссиянын айтымында, эл аралык контингенттин аскерлери өздөрүнүн операциясын, көп учурда, жөнөкөй кийим кийип алып өткөрүшөт. Алар калк ичинде "Ал-Кайыдынын" өкүлдөрүн өткөрүп берүүгө үндөгөн баракчаларды таратып, ан үчүн калкка гумжардам убада кылышат экен. Еврокомиссиянын өкүлү Жан-Шарль Эллерман- Кинкомбе:
- Мындай аракеттердин натыйжасында гумжардамчылар менен аскерлердин ортосундагы ажырым жокко чыгып, гумжардамчылардын беделине шек келүүдө, алардын бейтарап болуу принциби бузулууда. Мындай аракеттер калкка гумжардам берүүгө жолтоо болуп жатат,-деп айтты.