Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:46

Карачиде баш аламандык чыкты


КАРАЧИ. Пакистандын борбору Карачиде бүгүн талибдердин жетекчилеринин бири муфтий Низамутдин Шамзай өлтүрүлдү. Буга байланыштуу Шамзайдын жактоочулары көчөгө чыгышып, шаарда баш аламандык чыгып кетти.

-Алар ачуусун бизден чыгарышты. Алар бизди аткылашып, мотоциклибизди өрттөп салышты. Биздин бир адамды жарадар кылышты, – деди полициянын жетекчиси.

Маалыматтарга караганда, Шамзайдын жактоочулары полициянын бөлүмдөрүнө чабуул жасашып, машиналарды өрттөштү жана банктарды жана дүкөндөрдү талкалашты. Тартип орнотуу иштерине 15 миң полициячы тартылды.

Эртең менен Шамзай үч уулу менен мечиттен чыгып баратканда, аларга белгисиз адамдар ок атышкан. Аны ким өлтүргөндүгү тууралуу маалымат жок. Низамутдин Шамзай өз тарапкерлерин АКШга каршы согушка чакырып келген.

XS
SM
MD
LG