Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:52

Сауд Арапстандын парламенттик делегациясы менен жолугушуулар өттү


БИШКЕК. Бүгүн Сауд Арапстандын парламентинин спикери Салех Бин Абдулла Бин Хумейд жетектеген парламенттик делегациясы менен президент Аскар Акаев, Жогорку Кеңештин эки палатасынын спикерлери Алтай Бөрүбаев, Абдыганы Эркебаев жана Бишкек шаарынын мэри Медетбек Керимкулов жолугушту. Анда Кыргызстан менен Сауд Арапстандын ортосундагы кызматташуу, анын ичинде экономикалык кызматташтыкты арттыруу жолдору талкууга алынды. Анткени, өткөн жылы Кыргызстан менен Сауд Арапстандын ортосундагы сооданын көлөмү 195 миң 600 гана долларды түзгөн. Сауд Арапстандын делегациясы кыргыз тараптын сунуштарын колдоого алаарын жана ылайыктуу жумушчу орундарын түзүүгө көмөктөшөөрүн билдирди. Делегация эми Оштогу Сулайман тоосуна жана Ысыккөлгө барат.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG