Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:31

Саудиянын коопсуздук күчтөрү эки согушкерди жок кылды


Өлкөнүн ички иштер министрлигинин бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, алар өткөн аптада Хубар шаарында жасалган кол салууга тиешешси бар деп шектелгендерден. Коопсуздук күчтөрү куралчан эки адамды өлкөнүн батышындагы Таиф шаарынын чет жакасынан курчоого алып, атышуу учурунда жок кылган.
Өткөн аптада Хубар шаарында чет элдик мунай компаниялардын кеңселери жайгашкан имаратка "ал-Каида" уюму менен байланышы бар делген согушкерлер жасаган кол салуудан 22 адам, көбүнесе чет элдиктер каза тапкан эле. Эми жок кылынган эки согушкердин бул окуяга кандай тишешси бар экени азырыча белгисиз. Ал эми өлкөнүн башкалаасы Эр-Риядда бүгүн АКШнын аскер адамдары түшкөн автоунаалар белгисиз кишилер тарабынан аткыланган. АКШнын Саудиядагы элчилигин билдиргенине караганда, окуя америкалык аскерлердин машыктыруучу тобунун кеңсесине жакын жерде болуп, айдоочулардын бири жеңил жаракат алды.

XS
SM
MD
LG