Бүгүн Ливандын борбору Бейрутта мунай-экспорттогон өлкөлөр уюму – ОПЕКтин жыйыны башталаар алдында мунайдын дүйнөлүк баасы бир аз төмөндөдү. Мурунку күнү чийки мунайдын бир баррелинин баасы 42 доллардан ашса, кечээ Нью-Йорктогу биржа жабылар алдында ал 40 долларга бааланды. Бейруттагы жыйынында ОПЕКтин өкүлдөрү кара май өндүрүүнү бир аз көбөйтүп, бааны турукташтырууга аракет кыларын билдиришти.